Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.08.2019 10:59 На русском

Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатууга келди. Видео

Turmush -  Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу Түп районунун Кең-Суу айылында жерге берилет.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, акыркы сапарга узатуу зыйнатына атасы Садыр Жапаров ЖАМКтын жетекчилигинин уруксаты менен келди. Андан сырткары саясатчынын тарапташтары дагы келишкен.

Жаназа намазды Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков окуду.

Туугандарынын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатууда бир дагы мал союлган жок. Алар ашыкча ысырапчылыктын кереги жок деп эсептешет.

Уулун акыркы сапарга узатууда Садыр Жапаров: «Мен буга чейин атамды, апамды жоготтум. Эми уулум Дастандан ажырап отурам. Атама топурак сала албай, көксөм сууган жок. Түрмөдө отурган кишиге жаманчылык болгондо бошотууга мыйзам жол бербейт экен. Бирок уулумду акыркы сапарга узатууга уруксат беришти, ыраазымын. Баламды үйлөнтө албай калдым. Дастан, мени кечир! Атага эң кыйыны уулун жоготуу экен», - деди.

Буга чейин Дастан Садыр уулу 27 жашында 26-августта эртең менен оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумганы маалымдалган.

22-августта саат 22:00 чамасында маркумдун башкаруусундагы мотоцикл менен жеңил автоунаа кагышкан. Окуядан кийин маркум Бишкектеги ооруканага жеткирилген.

Дастан 4 бир туугандын улуусу, анын Рустам жана Нурдөөлөт деген 2 иниси, Жанайым аттуу карындашы бар.

Ал эми ЖАМКтын жетекчилигине жактоочу абактагы Садыр Жапаровду маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 27-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, Садыр Жапаровго уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×