Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.09.2019 23:24

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ж.Байтыманова өрмөк согуучу станок жасап, жумушун жеңилдетти

Turmush -  Чүй облусунун тургуну Жаңыл Байтыманова акыркы 5 жылдан бери декоративдик прикладдык искусство менен алектенип келет.

Ысык-Көлдө маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча өткөн эл аралык «Оймо» фестивалына эки жолу катышкан. Мындан сырткары Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көргөзмөдө эмгектери чет өлкөлүк эс алуучулар тарабынан бааланган.

Жаңыл Байтыманова өзү жасаган «Быйтыман» станогунун жардамы менен өрмөк согот. Бул станокту Кыргызпатентинде 239-номур менен каттаткан. Станоктун узундугу 2,5 метр, туурасы 75 сантиметр. Анын жардамында баштыкча, капчык, палас жана башка буюмдарды жасайт. Эски оймолорду түшүрүп, өзү дагы башкача түрлөрүн ойлоп табууда.

«Эски станок менен токуу абдан оор болчу. Жаңы станок жумушту кыйла жеңилдетти. Себеби, өрмөктүн жиптери өткөрүлүп, барабанга өзү илинет. Мурда бул ишке бир күн кечке убакыт коротсок, азыр 3-4 саат убакытта эле бүтөбүз», - дейт Жаңыл Байтыманова.

Анын эки жогорку билими бар. Партиянын мурдагы кызматкери, көп жыл бою профсоюздун башчысы болуп эмгектенген. 1991-жылы союз кулагандан кийин жеке ишкердик менен алектене баштаган. Тоң районунда жашап жүргөндө нан жасап, аны сатып иштеген. Андан соң токуучулук цехин ачты. Кийинчерээк балдары менен Чүй облусуна көчүп келип, акырындык менен өрмөк менен алектене баштаган.

«Мен токуганды билчү эмесмин, бирок кызыгып жүрчүмүн. Башкалар жасап жатканын көрүп, үйрөтүүнү сурандым. Башында эски станок менен токуп жүрдүм. Оор болду. «Кантип жумушту жеңилдетсе болот?» деген ойлор келип, бул станокту жасадым. Бирок эч ким кызыккан жок», - дейт ишмер айым.

Мындын сырткары, курак ыкмасын колдонуп сумка тигет.

Учурда пенсионер. Эки небереси бар. Көпчүлүк убактысы алар менен өтөт. Ага карабастан көргөзмөлөргө катышканга убакыт табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×