Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 28.08.2019 08:11 На русском

Чоң-Алайда мергенчилер күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунда мергенчилердин арасында мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош—Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун инспектору Турат Төлөгөнов билдирди.

Мелдешке Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарынан келген мергенчилер катышкан. Ар бир командада үчтөн мергенчи болуп түзүлгөн 40 команда учма бутага атуу боюнча күч сынашкан. Мелдешти Чоң-Алай районундагы мергенчилердин жамааты уюштурду. Анын максаты — мергенчилердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ноокат районунун Көк-Жар айылынын мергенчилери ээлеп, аларга 14 миң сом тапшырылды. 2-орунду Сүлүктү шаарынын мергенчилери алып, аларга 11 миң сом ыйгарылса, 3-орунду ээлеген Кадамжай районунун Жийде айылынын мергенчилерине 9 миң сом тапшырылды. Ошондой эле «Мыкты таамай аткан мергенчи» наамына ээ болгон Араван районунун тургуну Азамат Бакиров 8 миң сом менен сыйланды.

Андан тышкары сый тамак уюштурулуп, бардык мергенчилерге кызыктыруучу баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×