Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.08.2019 15:00

Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда 1 таңгак чөп канча сомго бааланууда?

Turmush -  Жалал-Абад облусунун тоолуу Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда тоют чөп жыйналып бүттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аймактарда чөп сатып алган кардарлар көп. Аталган 3 райондо 1 таңгак чөптүн баасы 100 сомдон 120 сомго чейин бааланып жатат. Мындан сырткары, кол менен боолонгон чөп 60-80 сомдон сатылууда. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу чөп 30-40 сомго арзан.

Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору тоолуу райондордун катарына кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×