Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.08.2019 18:01 На русском

3 кыздуу болгон жаш келиндин өлүмү: Ата-энеси анын киши колдуу болгонун айтып, сөөгү кайра казылды. Видео

Маркум К.к.Э.
Маркум К.к.Э.

Turmush -  Кара-Суу районунда асынып көз жумду делген 24 жаштагы келин киши колдуу болуп каза болгону болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-август күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында маркум келиндин ата-энеси жана жакындары билдиришти.

Алар 24 жаштагы Кызылгүл (ысымы өзгөртүлдү) жолдошу тарабынан сабалып өлтүрүлгөнүн божомолдоп жатышат. Маркум келиндин атасы Кылычбек Юсупбаевдин айтымында, кызынын денеси казылып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.

«2014-жылы 1995-жылы туулган кызымды Сүйүндүк (ысымы өзгөртүлдү) аттуу балага турмушка узаткам. Ушул жылдын 9-апрелинде күйөө баланын атасы "кызың асынып алыптыр" деп кабар жеткирип келди. Кызым акыл-эстүү, эч кимге зыяны жок, кичи пейил кыз болсо, анын мындай кадамга барганын түшүнгөн жокмун. Анын артында 3 кызы калды. Улуу кызы 4 жашта болчу. Экинчи кызы 2 жаш 6 айлык, кичүү кызы 7 айлык эле. Эл-журт, кошуналарым "асынып алыптыр" деген сөздү уккандан кийин чын эле эмне болуп өлгөнүн сурай алышпаптыр. Мен да алгачкы жолу укканда үрөйүм учуп, кызымдын өлүмүнүн себептерин тактабаптырмын.

10-апрель күнү кызымдын сөөгү жерге берилди. Арадан 20 күн өткөндөн кийин көп сөздөрдү уга баштадык. Мен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Алар "кыздын денесин экспертизадан өткөрүү керек" дешти, макул болгон жокмун. Ошентип бул иш РИИБде 1,5 ай каралды. Андан кийин Ош облустук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык. Мурун экспертизага макул болбой жүрсөк, кийин макул болдук (келиндин денеси көмүлгөн жерден кайра казылды). Экспертизанын жыйынтыгы 20 күндөн кийин келди. Анын жыйынтыгында кызымдын 11 жеринде жаракат бар экени белгилүү болду. Аны ким жасаган? Сүйүндүк (маркумдун жолдошу) качып жүрөт. Ал кармалып, күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени далилденсин. Ушул иштин адилеттүү каралышын жогорку бийликтин өкүлдөрүнөн суранабыз», - деди Кылычбек Юсупбаев.

Ошондой эле маркумдун апасы Гүлчехра Мамажанова да чыныгы күнөөкөрдү табууну, тергөө иштеринин адилеттүү жүрүшүн суранды.

Ал эми маркум келиндин кайын атасы Арстанбек Төрөбеков буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кат аркылуу кайрылганын айтты. Ал өз катында тергөө иштери бир тараптуу жүрүп жатканын айтып, тергөөнүн калыс жүрүшүн көзөмөлдөп берүүнү суранган.

«Алар (маркум келиндин ата-энеси) бир тараптуу эле маалыматтарды таратып жатышат. Келиним менен уулум 6 жыл жашашты. 3 кызы болсо эмнеге урмак эле? 6 жылда бир дагы жолу чекесине черткен эмес. Келинимдин хиджаб кийгенине 1,5 ай болгон. Өлгөндөн кийин ата-энеси "молдого окутуп койсоңор болмок" дешти. Мен аны кайдан билмек элем же алар менен чогуу жашабасам. Жакында эле уулум "өлөрүнө 1 жума калганда мен өлсөм башкага үйлөнөсүзбү?" деп сураган деди. "Мен башкага үйлөнбөйм дедим" деп айтты. Асынып алганга чейин "Бейиштеги кур кыздар" деген китепти окуп баштаган экен. Мен да тергөөнүн калыс жүрүшүн каалайм. Президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылдым», - деди А.Төрөбеков.

Аталган окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев буларга токтолду.

«Бул окуя 9-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маркум келин асынып алган деп катталган. Ал учурда келиндин жакындары экспертизадан баш тартышкан. Кийин 21-май күнү "кызым киши колдуу болгон деген сөздөр чыгып жатат" деп каза болгон келиндин атасы райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. 3-июль күнү кайрадан каралып жаткан кылмыш иши ар тараптуу тергелсин деп ишти Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүштү. 3-июль күнү кыздын денеси көмүлгөн жерден казылып, экспертизага жөнөтүшкөн. Экспертизанын жыйынтыгы 28-июлда чыкты. Анын жыйынтыгында кыз жипке асынып өлбөй эле, киши колдуу болгону жазылган. Анын денесинде бир нече жаракаттар бар экени, мойнунда жиптин эмес, адам муунткан из бар экени жазылган.

Кокустук деген берене адам өлтүрүү фактысына алмаштырылып, кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Экинчи тараптын жактоочулары соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ишенишпей, 14-август күнү келиндин денесинин буга чейинки экспертизасын кайра комплекстүү экспертизага Бишкекке жөнөтүштү. Азыр ошол экспертизанын корутундусун күтүп жатышат. Жыйынтык чыккандан кийин мыйзамдын чегинде чаралар көрүлөт», - деди Ж.Ашырбаев.

Аталган окуя Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×