Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 26.08.2019 15:39

Айыл турмушу: К.Боталиев Жумгалдын тоосуна шабдалы, кокон гилас жана грек жаңгагын отургузду

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Беш-Терек айылынын 32 жаштагы тургуну Каныбек Боталиев тоонун бооруна алма, өрүк, шабдалы, алча жана грек жаңгагын тикти.

Багбан мындан тышкары бадыраң, помидор, кулпунай, дарбыз, коон, калемпир жана картошка, жүгөрү да эккен.

«2001-жылы атам Майрамбек Боталиев ушул тоонун боорундагы 10 га кайрак жерди өздөштүрүп баштаган. Ошол жылы арык казылып, 3 чакырым жерден суу тартылган. Суу келгенде буудай эгип, бирок түшүм жакшы болгон эмес. Ортодо каралбай калды. 2013-жылы атамдын көзү өтүп кетти. 2016-жылы бир туугандар менен кайра өздөштүрүп баштадык. Баштаганда эле чөп өстүрүп, төө буурчак тиктик. Түшүм жакшы болгон жок. Быйыл 2 га жерди тосуп, алма, өрүк, кокон гилас (диал. — алча), шабдалы, грек жаңгагын отургуздук. Көчөттөрдү бардык облустардан алып келдик. Жерге помидор, бадыраң, кулпунай, жүрөгү, дарбыз, коон, калемпир, картошка эктик. Арасынан кайсынысы өсүп, жакшы түшүм берет деп эксперимент жасап, текшерип жатабыз.

Сууну атам 2 км 800 метр алыстан тарттырып келген. Ошол сууну буруп, чакан суу сактагыч көлмөнү колго курганбыз. Учурда помидор, бадыраңдын түшүмүн сатыкка чыгарып жатабыз. Жерди иштетип, мындан ары да өздөштүрүп кетүү үчүн чакан сарай, өсүмдүк сактоочу жай куруу керек экен. Арыктарды түрттүрүш керек. Ошол жагынан өкмөттөн колдоо сурайбыз. Себеби, ал иштерге уруксат берилиши керек», - деди Боталиев.

Жардам берген айылдашы Маратбек Көчөров суу көйгөйүн айтып, бирок жерди иштетүү жакшы экенин баса белгиледи.

«Суу маселеси курч, бир аз суу кирсе эле кыян жүрүп кетет. Өкмөт уруксат берсе, биз суу келчү арыктарды калыптандырып, айрым жерлерин сүрдүрүп, кыян жүрчү аймактарын тосуп, иреттеп алат элек. Кароолчу жашай турганга атайын үй салууга уруксат алсак жакшы болмок. Бара-бара азык, жемиш сактай турган жай курсак деген ниетибиз бар. Жумгал району жер иштетүүнү колго алса түшүм жакшы болот», - деди ал.

Боталиевдердин апасы Калима Ажыматова пайгамбар жашынан өтсө да талаага чыгып, балдарына жардам берет.

«Ушул жер боз эле талаа болчу. Абышкам Майрамбек Боталиев көп аракет кылды. Бир кезде «ушу талааны кантип өздөштүрөсүң» деп урушчумун. Бирок аракетчил киши эле, элдин баарын чогултуп арык казды. Башында 60дай киши иштеп, аягы 7-8 киши менен бүттү. Суу келип, жерди иштетип баштады. Балдарыма жардам берип, мен да чөп отоого, жемиш чогултууга чыгам», - деди Ажыматова.

Эс алуу учурунда атасына жардам берип жаткан Рыскелди Майрамбеков жашылча чогултуп, дүкөндөргө ташыйт.

«Бадыраңды кылдаттык менен үзөт экенбиз. Мен шаарда жашайм, айылга келип атамдарга жардам берип жатам. Жер иштеткен абдан жакты. Башкага малай болгуча, өзүңдүн жериңди иштеткенге эмне жетсин. Тапкан акчама окууга керектүү кийим-кече, окуу куралдарды алам», - деди Р.Майрамбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×