Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.08.2019 14:31

Кара-Көлдүн тургуну ширетүү учурунда денесинен 40% күйүк алды

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 42 жаштагы тургуну денесинен 40% күйүк алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан тастыкташты.

Маалым болгондой, бейтап 24-августта саат 16:40та ооруканага тез жардам кызматы аркылуу түшкөн.

«Дарыгерлер бейтапты хирургия бөлүмүнө жаткырышып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүштү. 1977-жылы туулган К.С. аттуу шаар тургуну үйүндө ширетүү жумуштарын жасап жатканда денесинен 35-40% күйүк алган. Анын кулак жана моюдары, курсак тарабы күйгөн. Учурда абалы туруктуу оор деп бааланууда», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×