Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
26.08.2019 12:11 Жаңыланды: 26.08.2019 17:55

«Ай-күнү жеткен 18 жаштагы кыз уурулук үчүн кармалып...»: Москвада юрист болуп иштеген Гүлизанын окуясы

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 35 жаштагы Гүлиза Акматсияева. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жер-Үй айылында туулган. Акыркы 10 жылдан бери Россиянын Москва шаарында иштейт. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин жумуш жоктугунан Москва шаарына кеткен.

«Бишкекте жумуш жоктугуна байланыштуу убактылуу иштеп, кайра кайтып келебиз деген ой менен Москвага келгенбиз. Ошондон бери 10 жыл өттү. Жаңы келгенде бул жактан көп учурда полиция кызматкери себепсиз токтотуп, документ сурап, үйгө текшерип келишчү. Ошондо мен өзүмдүн укуктарымды коргоо максатында РМСУнун (Россия мамлекеттик социалдык университети) юридикалык факультетинде 2,5 жыл окудум. Аны 2018-жылы аяктап, юрист кесибине ээ болдум. Учурда юрист болуп иштегениме 3,5 ай болду», - дейт Гүлиза.

Анын айтымында, Москвада юридикалык жардамга муктаж мекендештер көп.

«Мекендештериме колумдан келишинче жардам берип жатам. Негизи бул жерде юридикалык жардамга муктаж кыргыздар көп экен. Өзүңдүн укугуңду билбесең зыяны тиет. Юридикалык жардам сурап кайрылгандар көп. Кээде жөн гана телефон чалып, психологиялык жардам сурагандар болот. Уурулук кылып кармалган жаш кыз-жигиттер болгон. Жакында эле ай-күнү жетип калган 18 жаштагы кыз дүкөндөн 3500 рублдун товарын уурдап кармалып калган экен. Эми анын иши боюнча сот болот. Мен кылмыш иши боюнча жардам бере албасам дагы, юридикалык колдоо көрсөттүм. Мен административдик жактан жакшы жардам кыла алам, сотко катышам.

Кармалган кыздын айтымында, ал азгырылып кеткен. Дүкөндөн эмне уурдаганын сурасам айтууну каалаган жок. Москвада жолдошу экөө үйлөнгөнүнө 1 жыл болуптур. Анын мындай кадамга барышына кыйын жашоо жана аргасыздык себеп болду деп ойлойм. Азыр тергөө жүрүп жатат. Сотко чейин көп текшерүүлөр болот. Ал жашаган батирди дагы текшерип жатышат. Өзүнүн документтеринин мөөнөтү дагы өтүп кеткендигине байланыштуу бир топ кыйынчылыктар болууда. Мен юрист катары колуман келген жардамымды берип жатам.

Мындай учурлар көп кездешет. Айтор мекендештерибиз Москвага келе жатканда өзүнүн укуктары тууралуу маалымат топтоп алышса дейт элем. Мыйзамдарды билбегенден улам кээ бири депортация болуп кетишет. Мындан улам кыргыздар балдарын мектепке киргизе албай кыйналган учурлар болот. Аларга дагы юридикалык жардам берем. Юридикалык кеңеш бергеним үчүн акы албайм. Баарына акысыз кызмат көрсөтөм», - деди ал.

Гүлиза Акматсияева үч баланын энеси. Кичүү баласы өзүнүн колунда болсо, эки баласы Кыргызстанда ата-энелеринин колунда тарбияланып жатат. Эми ал балдарын өзүнүн жанына алууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×