Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 26.08.2019 11:29

Чаектеги мыйзамсыз делген курулуштар. Кожоюндар эмне дейт?

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында кызыл сызыктан өтүп курулган курулуштар көбөйүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, мурдагы айыл өкмөт башчысы Темирбек Чилпаковго тиешелүү дүкөнгө кошумча курулуп жаткан имарат кызыл сызактан өтүп курулууда. Аны менен катар жөө адамдар өтө турган жол унаа токтоочу жана товар ташыган унаалардын жайына айланган.

Айыл тургуну Акмарал Жээнбекова Чаек айыл өкмөтү өздөрүнүн муниципалдык жерлерин туура багытта колдоно албай жаткандыгын айтып, тазалык, тартип бузулуп жатканын билдирди.

«Акыркы күндөрү райондун борбордук бөлүгү жайма базар менен мыйзамсыз курулуштарга толуп баратат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол унаа токтоочу жайларга айланган. Соода кылгандар дүкөндөрүнүн сырткы келбетин, жарнак илүү эрежелерин сактабай, тытылган баннерлерин илип, алдыларына таштанды үйүп коюп отурушат. Алардын соодасы жүрсө эле болдубу? Райондун борборунда көрк, тазалык болушу керек да. Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөр андан көп. Бирине да айып салынып же эскертүү берилбейт. Мыйзамсыз курулган имараттар, соода-сатык жайлары, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду тосуп курулуш жасагандар, арыктарды көмүп салгандарга эч чара көрүлгөн жок», - деди А.Жээнбекова.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Айгүл Токтоналиева райондук администрация тарабынан комиссия түзүлүп, эскертүүлөр берилгенин жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн мурунку айыл өкмөт башчысынын дүкөнүнүн кызыл сызыктан чыккан бөлүгү алынарын билдирди.

Райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Элмира Ашырбаева, Мамлекеттик экотехинспекциясынын Жумгал-Кочкор региондор аралык башкармалыгынын адиси Салкарбек Атамкулов бул курулуш кызыл сызыктан чыгып кеткенин жана уруксат алынбаганын айтып, курулуш иши токтотуларын билдиришти.

Мурунку айыл өкмөт башчысы Темирбек Чилпаков мындай дооматтарды четке кагып, буларга токтолду.

«Мен чектен чыккан эмесмин. Ал жерди жолго жакын чыгарып жасагам. Кардарлар стол коюп отурсун деп жатам. Меники чыккан жок, жакшылап карап көрсөңөр. Мурунку эле тепкичтин үстүн көтөрдүм. Аксакалдардын имараты менден бери чыгып турат. Ал жерде мага жакын уюлдук байланыш түйүнүнүн эшигин, тепкичин көргүлө, алар да чыккан. Эгер андан бери чыгып кетсем айткыла. Мен айыл өкмөт башчысы болуп турганда «мыйзамсыз жерде тоок эти сатылып жатат» деп айттыңар эле. Ал азыр деле турабы? Турат. Акимиаттын жанындагы базар турат. Канча деген дүкөн көчөгө чыгып турат. Муниципалдык жерге чыккан жокмун», - деди Чилпаков.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов электр тирөөчүнүн ортосуна коюлуп, мыйзамсыз тоок этин (гриль) саткан жай жана акимиаттын маңдайындагы темир контейнерлер алынганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×