Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 26.08.2019 11:02 На русском

Сүрөт — Дүйнө кыдырган индонезиялык «Мерседес» сүйүүчүлөр Ошко келишти

Turmush -  Индонезия мамлекетинин «Мерседес-Батен» автоклубунун дүйнө кыдырып, саякаттаган өкүлдөрү Ош шаарына келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ош шаарындагы «Мерседес-Бенц» автоклубунун өкүлү Айбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, саякатчыларды «Мерседес-Бенц» автоклубунун өкүлдөрү тосуп алышкан. Алар конокторго Сулайман-Тоону көрсөтүштү.

«Мерседес-Батен» автоклубунун 6 адамдан турган тобу 56 өлкөнү кыдырып чыгууну көздөп, 1 жыл мурун унаалары менен Индонезиядан жолго чыгышкан. Кыргызстан алар кыдырган өлкөлөрдүн ичинен 44-өлкө. Эми саякатчылар Кытайга аттанышат. Алардын саякаты ушул жылдын октябрь айында жыйынтыкталат.

«Биз саякатчылар менен инстаграм аркылуу таанышып калдык. Алар 2 «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа менен саякаттап жүрүшөт. Булар саякатка көп жылдан бери даярданып, документалдык тасма дагы тартып жүрүшүптүр. Биз дагы демөөрчү таап, эмдиги жылы коңшу өлкөлөргө саякат жасайбыз», - деди Айбек Жолдошев.

Саякатчылар барган өлкөдө 1 гана күн болушат. Алар Кыргызстанга келгенге чейин Өзбекстанга барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×