Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Нарын облусуНарын району 26.08.2019 10:17 На русском

Арык казган кош бойлуу келин, күрөк көтөргөн он-арчалык жеңелер. Сүрөт

Turmush -  Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы жана Оттук айылындагы жеңелер талаа иштери менен алек болуп жүргөн жолдошуна жардам берүү үчүн ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ишембилик Он-Арча айыл өкмөтү тарабынан демилгеленген. Жеңелер үйүндөгү жүмуштарын эрте бүтүрүшүп, жашы-карысына карабай ыктыярдуу түрдө айры, кетмен, чөп чапкан чалгыдан бери көтөрүп алышып, жолдошуна жардам беришти.

Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Автандил Молдосалиевдин айтымында, бул ишембилик менен аял киши үй-тиричилигинен тышкары мырзалар жасаган иштерди жасоо колунан келерин, чоң күчкө ээ экенин билдиришти.

«Былтыр дагы ушундай иш-чараны Эчки-Башы, Оттук айылдарында уюштурганда жеңелер көчөлөрдүн боюндагы бардык бак-дарактарды, электр мамыларын актап чыгышкан. Негизи бакчаларды көбүнчө аялдар эле карайт эмеспи. Бир жума мурун атайын жыйналыш уюштурганбыз. Жеңелер туура эле кабыл алышты. Бөтөн жерде иштешкен жок да. Жолдошу талаа-түздө бошобой жүргөндө, алардын көзүн карабай, колубуздан келген ишти өзүбүз жасай берели дедик. Элден калбай, кош бойлуу келинден тарта, улуу апаларыбызга чейин ишембиликке чыгышты. Баарына терең ыраазычылык билдиребиз. Көчөлөргө бөлүнүп, жолдун жээгиндеги арыктарды тазалап, өсүп кеткен чөптөрдү чаап, айрым жерлерин казышты. Меники, сеники дебей, "беш манжа бөлөк билек бир, беш адам бөлөк тилек бир" дегендей баарыбыз айылды көрктөндүрүп, таза кармашыбыз керек. Ал эми демилгени башка айылдарга дагы сунуштайбыз. Мындай иштер биздин айыл өкмөт менен гана токтоп калбай, уланып кетсе дейм», - дейт А.Молдосалиев.

Ишембиликке келиндери менен бирге Оттук айылынын 65 жаштагы тургуну Гүлия апа дагы чыккан.

«Жашым 65те. Келиндериме дем-күч болоюн деп мен да чыктым. 2 күн мурун ишембилик Эчки-Башыда болгон. Биз дагы бул демилгени колдоп чыктык. Аракет кылса, аялдын колунан баары келет. Балдарыбыз, жолдошубуз талаада колдору бошобой жүрөт. Биз минтип жардам берип жатсак, ыраазычылыгын айтып жатышат», - деди ал.

7 айлык кош бойлуу экенине карабай арык казган Жыпара Сулайманова ишембилик ага кыйынчылык деле жаратпаганын билдирди.

«Мындай жумуштарды үйдөн деле жасап келгем. Кош бойлуу экениме карабай, элден калбай ишембиликке чыктым. Башкалардай күпүлдөп иштебесем да, алымдын келгенин кылып жатам. Эч кандай кыйынчылык деле жараткан жок. Үйдө бекер отурганча, жеңелер менен сүйлөшүп, тамашалашып, алардан бөлүнбөйүн, алар кылган ишти мен дагы кылайын дедим», - дейт Жыпара жеңе.

Ишембилик учурунда талаа иштеринен колу бошоп келген айрым мырзалар жеңелерге ыраазычылык билдирип, аларга жардамга келишти.

«Айымдардын бул демилгесине абдан ыраазы болуп жатам. Эркектер кылчу жумуштарды өздөрү аракет кылып жасап жатышыптыр. Талаадагы жумуштарым бүтүп калгандыктан атайын келип, арык казышып жатам. Баарына рахматыбызды айтабыз», - дейт Орок айылынын тургуну Уланбек Жакшылыков.

Айыл тургундары бул демилгени башка айылдарга дагы өткөрүүнү сунушташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×