Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.08.2019 09:34

«Жол тособуз»: Ак-талаалыктар Баетов—Кош-Дөбө жолунун оңдолбой жатканына нааразы

Баетов—Кош-Дөбө унаа жолу
Баетов—Кош-Дөбө унаа жолу

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 6 айылдагы айдоочулар Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгын айтып, нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочу Улан Сатыбалдиев билдирди.

Маалым болгондой, 25-августта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Алтынбек Жунус уулу Ак-Талаа районуна келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Жергиликтүү тургундар эл өкүлдөрүнө бир катар көйгөйлөрдү билдиришти.

Жыйын бүткөндөн кийин Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок, Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарынын айдоочулары 90 чакырым аралыктагы Баетов—Кош-Дөбө таштак жолунун начардыгын, жолдун айрым жерлери 2-3 метрге чейин чөгүп кеткенин, кээ бир жерлери кууш болуп, ортосуна шагыл үйүлүп, ары-бери каттаган унаалар талкаланып, чаңдан жол көрүнбөй, ал тургай унаалардын ичине чейин чаң кирерин айтышты. Алардын айтымында, жол кадимки эле курулушка колдонулуучу шифер материалына окшоп калган.

«Жогорку Кеңештин 3 депутаты келиптир. Жыйын бүткөн соң депутаттардан жолдун абалын көрүүнү сурандык. Ж.Акаев менен Р.Момбеков көрүшкөн жок. Алтынбек Жунус уулун өзүмдүн "Ауди" унаама салып алып, Ак-Чий айылына чейин көрсөттүк. Биз "асфальтыңарга тойдук, жок дегенде шагыл төктүртүп бергиле" деп билдирүү жасадык. Ошондой эле бул билдирүүбүздү өлкө башчысы С.Жээнбековго жана өкмөт башчысына жеткирип коюуну өтүндүк. Андан сырткары 15-сентябрь күнү 6 айылдын тургундары жана айдоочулары жол тосуп, нааразычылык акциясына чыгарыбызды эскерттик», - деди У.Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×