Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.08.2019 19:21

Лейлектин Арка айылындагы чек арада чыр чыгып, асманга ок атылды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 24-августта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылындагы чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя саат 16:30 чамасында кыргыз тараптын май куюучу жайында болгон. Май куюучу жайдын четин дубал менен тосуу иштери жүрүп жаткан учурда 20га жакын тажик жарандары келип, аны бузууну талап кылышкан. Пикир келишпестик учурунда тажикстандыктар өздөрүнүн аймагына кыргыз тараптын аймактык милиционерин сүйрөп алып кирип кетишкен. Абалды тынчтандыруу үчүн кыргыз тараптан асманга ок атылган. Тажик тарап милиционерди 15-20 мүнөттөн кийин өткөрүп беришти.

Учурда абал тынч. Чек арачылар, укук коргоо кызматкерлери иш алып барып жатат.

Бүгүн Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек арада дагы кыргыз-тажик тараптардын ортосунда чыр чыккан. Анда тажикстандыктар Көк-Таш айылындагы жолдун асфальтталышына каршы чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×