Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.08.2019 18:02

Чолпон-Атада өспүрүмдөр арасында өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Turmush -  18-23-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында жаш өспүрүмдөр арасында өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышынын депутаты, маркум Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду. Ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген шахматчылар катышты.

«5 күнгө созулган мелдешке 100дөн ашык шахматчы катышты. Алдыңкы орундарды ээлегендер медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мелдеш жаштарды шахматка тартуу, келечекте Кыргызстандан Азиянын, дүйнөнүн чемпиондорун тарбиялап чыгаруу жана Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын президенти, маркум Улан Чолпонбаевди эскерүү максатында уюштурулду», - деди Каракол шаарындагы шахмат мектебинин жетекчиси Эрлан Сейталиев.

Бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп туруу демилгеленип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×