Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Талас облусу, Талас 25.08.2019 12:30

Эркайым менен Нурайым: Чоңойгондо бир күйөөнү талашып жүрбөсөңөр болду (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарындагы 11 жаштагы эгиздер Нурайым менен Эркайым Тойчубековаларды мугалимдери айырмалай албай калышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Эркайым: Атымды атам койгон. 5 кыздын эркеси деп, Нурайымга уйкаштырган экен.

Нурайым: Мен улуумун, бирок эч убакта бөлүнбөйбүз. Экөөбүз тең атама окшошпуз.

Апасы Венера айым: Эркайымдын жүрөгү ооруйт. Аны такай жаныма алып жүргөнгө көнүп алган, мага жакын. Нурайым атасына жакын. Экөө бир тондуулар, аябай сезимтал.

Эркайым дарыгерлерге текшерилип турат. Бир жолу Эркайым 3-4 күнгө Бишкекке текшерүүгө кеткен. Мен Нурайым менен үйдө калгам. Түндө уктап жатсам Нурайым ыйлап жатат. «Түгөйүмдү сагындым» деп такыр басылбайт. Аны көрүп мен дагы ыйлап токтоно албайм. Экөө бири-бирин 1 күн көрбөй калса куса болушат. Ошондон кийин чогуу барып келип калышты.

Нурайым: Биз окшош кийинип жүрөбүз. Апам бир жолу базардан бирөө сары, бирөө жашыл өңдөгү көйнөктөрдү алып келиптир. Үйгө алып келгенде экөөбүз тең жашыл өңдүүсүн баса калдык. Мен үстүн Эркайым астын кармап туруп тарттык эле жашыл көйнөк ортосунан бөлүнүп калды. Апам «жада калса бир өңдү жактырат турбайсыңарбы» деген. Байпактарыбыздын дагы өңдөрү окшош болушу керек. «Мага жаккан өң түгөйүмө дагы жагат» десек, апам «чоңойгондо бир күйөөнү талашып жүрбөсөңөр болду» деп калат. «Апа, уят болот, антип сүйлөбөңүз» деп калабыз (күлүп).

Апасы: Буларды көптөр алмаштырышат. Бала бакчада тарбиячысы жана 4-класска чейин сабак берген эжекеси дагы айырмасын биле албай, адаштырган бойдон калышты.

Мугалими: Экөөнү айырмалайын деп эки жакка бөлүп, башкалар менен отургузам. Эртеси кайра эле сен кимиси элең? деп баштайм (күлүп).

Нурайым: Мен чоңойгондо дарыгер болом. Жакшы көргөн адамдарым оорубаса экен дейм.

Эркайым: Мен милиционер болом. Уурулар жок болушу керек. Бизде кызыктуу учурлар бат-баттан болуп турат.

Бир күнү Нурайым атама барып акча сурап алган экен. Кайра эле менин ордума барып дагы акча алып кетиптир. Анын акчаларын көргөндөн кийин атама барып, «сиз Нурайымга эле акча бере берет экенсиз, мага жокпу?» десем, «биринчи Нурайым, анан сен келип алып кетпедиңби?» дейт. Нары жактан Нурайым күлүп туруптур.

Нурайым: Бир күнү таттуу бышырабыз деп апамдын жөжө чыгартам деп камдап койгон жумурткасынын баарын колдондук. Бирок жасаганыбыз биз ойлогондой чыкпай калып, даярдаганыбызды алыс алып барып, төгүп салдык. Ал күнү апам жумурткаларды таппай калды. Бирок атам алыскы жолго чыгып кеткендиктен аларды атам бышырып жеп кетти деп ойлоп калган.

Бир күнү үйдөн жаман жыт чыга баштады. Апам анын ордун аябай издеп, үйдүн барын жууп чыкты. Бирок баягы жыт кетпей жатат деп чырылдап жүрдү. Бир убакта апам таап алыптыр. Көрсө биз таттууга кошкон жумуртканын кабыгын Эркайым оролуп турган линолеумдун ичине салып коюп, унутуп калыптырбыз. Ошол сасып кетиптир (күлүп).

Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×