Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 25.08.2019 18:02

Кара-Кулжа районунда 36 млн сомго 5 айылга таза суу тартылууда

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтү таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Талантбек Жумаев билдирди.

Маалым болгондой, учурда 36 млн сомго таза суу тартылууда. Бул каражат мамлекет тарабынан каржыланып жатат. Суу түтүктөр 7 чакырым алыстыктагы Кара-Жыгач айылынын Баймат аймагындагы булактан тартылып келет. 2018-жылы баштаган иштер соңуна чыкса айыл өкмөттөгү 5 айыл таза суу менен камсыз болот. Учурда Кара-Жыгач айылы таза суу менен толук камсыз болду. Мындан мурда айыл аймакта таза суу болгон эмес. Эл агын сууну пайдаланып келишкен. Суу түтүк 2020-жылы пайдаланууга берилет.

Кара-Гуз айыл өкмөтүндөгү 5 айылда 6200 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×