Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуМосква району 25.08.2019 14:40

Айыл турмушу: 25 жаштагы С.Кузиев 5 гектар жерде дарбыз өстүрүп бизнесин өнүктүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Москва районундагы Беш-Терек айылынын 25 жаштагы тургуну Сафарбек Кузиев дарбыз, пияз өстүрүп, дыйканчылык менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш дыйкандан кабар алды.

Анын айтымында, дарбыз, пияз өстүрүү кирешелүү тармак. Чүйдүн жери, климаты дыйканчылыкка ыңгайлуу болгондуктан гектарлаган жерлерди иштетип, мол түшүм алуунун сырларын өздөштүрүшкөн.

«Менин атам-энем да дыйкан. Алар 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүштү. Мен эң кичүүсүмүн. Дыйканчылыктын түйшүгүн жаштайымдан эле өздөштүрдүм. Атамды ээрчип, күнү-түнү эгин талааларында иштечүмүн. Анын түйшүгү да оор. Бирок баарын эмгек менен багындыруу керек экендигин билем. Жаз алды менен 5 гектар жерге дарбыздын холлар деген сортун айдагам. Ал эми 1,5 гектар жерге пияздын манас деген сортун өстүрдүм. Буйруса түшүмдүүлүк жакшы. Ар бир гектардан 40 тонна дарбыз, 70-75 тонна пияз алам деген үмүтүм бар.

Күндө дарбыз ташыган унаалар келип дүң баада алып кетишет. Келген кардарлар Беш-Теректин дарбызы таттуу, толук жетилип бышкандыгын айтышат. Ага кубанып калабыз. Мен дарбыз өстүрүүнүн сырларын, анын адам баласына пайдалуу жактарын интернет булактарынан изденип көп окуйм. Тарыхына да кызыгам. Күндө дыйканчылык боюнча жаңылык издейм. Дарбыз Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын айрым райондорунда көп өстүрүлөт. Анткени жаратылыш шарты туура келет. Москва районунда да дыйкандар дарбыз өстүрүүнү жакшы жолго коюшкан. Негедир бул жерлерде таттуу, кабыгы тунук болуп жакшы жетилет. Ошондондуктан башка жерлердин да базарларына кетет.

Өзү дарбыздын мекени Түштүк Африканын Калахари чөлү. Ал жакта жапайы түрү өсөт. Адам көтөрө албай турган дарбыздар да өсөт. Булар ден соолукка табылгыс дары. Өзгөчө ашыкча холестеринди алып чыгат. Бөйрөктү кумдан тазалайт. Беттин түсүн жакшыртып, тез арыктатат экен. Кош бойлуу болууну каалоочулар үчүн өтө керек. Ал бойго батыраак бүтүрүүнү жакшыртат.

Пияздын түйшүгү канчалык оор болгону менен мээнетиң 2-3 эселеп кайтат. Жазында өстүрүп, чөбүн отоп жана башка иштери көп. Сууну көп талап кылган өсүмдүктү күнү-түнү кароо керек. Гектарынан 70-75 тонна түшүм алам деп турам. Кийинки жылы пияздын аянтын дагы чоңойтом. Кошуна иним Зафарбек жардам берем деп жүрөт. Ал да келечекте дыйкан болууну самайт. Колу жөндүү, аракети күчтүү.

Айыл чарба техникаларын көбөйтөм. Техника жок болсо ири аянтты иштетүү мүмкүн эмес. Беш-Терек — бейиштин жери. Дыйканчылыкка, мал чарбачылыгына өтө ыңгайлуу жер. Элдин экономикасын көтөрүп, жашоо-шартын жакшырткан — дыйканчылык, мал чарбачылык. Мектептерде да ушуну үйрөтүү керек», - деди дыйкан.

Сафарбек мырзага 16 жаштагы кошунасы Зафарбек Кадыров жардам берип, дыйканчылыктын сырларын үйрөнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×