Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.08.2019 17:48 На русском

«Үй курбай тургула»: Мургабдык кыргыздардын кайгысы же кайрадан ырбаган чыр

Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтү
Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтү

Turmush -  5 жылга созулган соттошуудан кийин жер тилкесине ээ болгон мургабдык кыргыздардын үйлөрүнүн курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн тургуну — этникалык кыргыздардын бири Акжол Кудайбердиев билдирди.

2013-жылы июнь айында ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругунун негизинде Тажикстандын Мургаб айылынан көчүп келген 80 үй-бүлөгө 8 гектар жер бөлүнүп берилген. Бирок тизмеге Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары дагы кошулуп калган жана аларга мургабдык 35 адамдын жери мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Мындан улам жерсиз калган этникалык кыргыздар арыз жазып, алардын иши Ош облустук сотунда, райондор аралык сотто, Жогорку сотто каралган. Жогорку сот мыйзамсыз жер алган Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарынын кызыл китебин жокко чыгарып, мургабдык этникалык кыргыздар кайтарылган жерлери боюнча кызыл китеп алып башташкан.

«Биз жерлерге ээ болуп, үйдүн пайдубалын тургуза баштаганбыз. Бирок Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан кызыл китеп алууга уруксат берилбей жатат. Алар "силердин иш боюнча дагы териштирип жатышат. Бөлүнгөн жерлерге курулуш курбай тургула" деп коюшту», - деди Акжол Кудайбердиев.

Ал эми Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанов курулуш иштери токтотулгандыгы жөнүндө маалыматы жок экенин билдирди.

Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын юристи Абдымомун Кабылов этникалык кыргыздарга кызыл китептер берилгенин айтты.

Буга чейин Turmush басылмасы мургабдык кыргыздар мыйзамдуу жерлерин кайтарып алуу үчүн 5 жыл соттошконун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×