Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.08.2019 17:00

Кара-Бүргөндөгү «Жамал апа» бала бакчасы 2,7 млн сомго оңдоодон өткөрүлүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы «Жамал апа» бала бакчасы кошумча 50 орунга кеңейтилип жатканын айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы бала бакча дем берүүчү гранттын эсебинен оңдоодон өткөрүлүүдө. Тактап айтканда дем берүүчү гранттан 2 млн 400 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом каражат бөлүнүп, ага имараттын үстү заманбап курулуш материалы менен жаңыртылып, каалга-терезелери алмаштырылууда. Андан сырткары жылуулук системасы толук жаңыртылат.

«Бул имараттын жарымында бала бакча, жарымында фельдшердик-акушердик пункт иштеп келген. Буга чейин бала бакча 50 орундуу эле болчу. Бала бакчаны чоңойтуу максатында өзүнчө ФАП курганбыз. Эми 100 орундуу бала бакча катары пайдаланууга берилет. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат», - деди Н.Соодонбеков.

Мындан тышкары жакынкы аралыкта эл аралык донордук уюм тарабынан бала бакчага 1 млн 300 миң сомдук жабдыктар жана оюнчуктар алынып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×