Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.08.2019 16:46

Сотто акталган айыл өкмөт башчы менен тургундардын чыры: 17 гектар жер сатылганбы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылында тургундарга тиешелүү 17 гектар жер сатылып кеткенин жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Төлөйкөн айылынын тургуну Эрали Айбашовдун айтымында, бул маселе боюнча жакынкы күндөрү жыйын өтөт.

«Бүгүн айыл өкмөт башчысы менен жолуктук. Бул маселе боюнча 2 күндөн кийин эл менен бирге кеңейтилген жыйын өтмөй болду. Айтылып жаткан жерге шагыл завод курулду, айыл өкмөт тарабынан сатылып кеткен окшойт», - деди Э.Айбашов.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов айтылган дооматтарды четке какты.

«Аталган жерде шагыл завод иштеп жатат. Завод ээлери качан гана лицензия алып келгенде токтом чыгарып беребиз. Алардын эсебинен бюджеттин көлөмү өсүп жатат. Салыктан акча түшүп жатат. Жер сатылган эмес. Бул курулай жалган, мага карата жүрүп жаткан кара пиар. Эгер мен жер саткан болсом, укук коргоочуларга кайрылышпайт беле?», - деди А.Абдукаримов.

Алмаз Абдукаримов

Алмаз Абдукаримов

Буга чейин Turmush басылмасы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов убактылуу кызматынан четтетилгенин жана ага козголгон кылмыш иши Ош шаардык сотунда каралганын жазган.

Ош шаардык соту мыйзамсыз жер сатууга айыпталган Алмаз Абдукаримовду актаган.

А.Абдукаримов жер мыйзамдарын бузууга шектелип, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан кармалган. Аны менен бирге айыл өкмөттүн жер боюнча адиси дагы айыпталган. Алардын кармалышына 10 адамга жер берүү боюнча токтомго негизсиз кол коюшканы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×