Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 14.09.2019 18:00

Жеңеке: Таластык Айнура жеңе турмушка чыккандан кийин да 1 ай жолдошунун атын жаттай албай кыйналган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын 50 жаштагы тургуну Айнура Калилова жолдошун бир дагы жолу көрбөй турмушка чыккан. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кара-Ой айылынын кызы. Сасык-Булак айылына 1990-жылы келин болуп келген.

«Жолдошумдун аты Нияз Стамалиев. Ал мени бир көрүп эле алып баса берген. Классташ балам «кошуна кызыбызды чыгарып берип кой» деп суранган. Аны чыгарып берейин деп чыгып, өзүм келин болуп калгам. Келгенде жолдошумдун атын 1 ай жаттай албай кыйналгам. Мурун Нияз деген ат уккан эмесмин. Улам Ильяз деп айтып алып, аты ким эле деп жүрдүм.

Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатабыз. Мага камкор күйөө. Менин жакшы кийингенимди, жакшы тамак жегенимди каалайт. Айыл өкмөттө иштейм. Күнүнө эртең менен кийимдеримди көрүп, «сага ушул жакшы жарашты, бул кийим кичине жарашпай калды» деп айтып, көңүлүмдү ачып жөнөтөт. Жумуштан бир жакка баруу керек болсо өзү жеткирет. Чарчап келген күндөрү түшүнүп, «эс алчы» деп турат. Мен тагдырыма, жолдошума ыраазымын. Экөөбүз 5 баланын ата-энеси болдук. Үчөө жогорку окуу жайды аяктап, иштеп жатышат. 2 кенжебиз мектепте окушат», - деди ал.

Каарманыбыз бир туугандары жөнүндө да айтып берди.

«Мен өзүм 10 бир туугандын улуусумун. Фрунзе шаарындагы кооперативдик техникумдун бухгалтер бөлүмүн аяктагам. Ошол жакта театрлардын биринде бухгалтер болуп турмушка чыкканча иштедим.

Студенттик учурда апама айткан бир сөздү эстеп алып, азыр бир чети күлөм, бир чети көңүлүн оорутуптурмун деп калам. 1989-жылы каникулга келсем эң кичүү эгиз иним менен сиңдим төрөлдү. Апама: «Ушинтип эле улам төрөй бересизби? Апасы төрөй берет экен деп досторубуздан уялып жатабыз» деп айткам. Түшүнбөстүгүмдөн айтыпмын. Кудай буйруса бардык бир туугандарым аман-эсен. Ар бири өз оокаты менен, үй-бүлөлөрү менен жакшы жашап жатышат. Катташып, ынтымактуубуз», - деди Айнура жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×