Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 15.09.2019 21:00

Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Ырысалиев чарбагын ар кандай жаныбарлардын айкелдери менен кооздоп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 39 жаштагы тургуну Амангелди Ырысалиев 1 жылдан бери үйүндө ар кандай жаныбарлардан сөлөкөттөрүн жасап жатат. Аймактык кабарчы айкелчи менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкка жакын.

«Мектепти аяктаган кийин атайлап деле билим алып окуган жокмун. Дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум. бир туугандарымдын улуусумун. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. 2003-жылы үйлөндүм. Айылдын жашоосунда эртеден кечке тыным жок. Жаз-күз айларында талаа жумуштары менен, кышында мал менен күн өткөрмөй.

Атайын өзүмө энчилеп бөлүнгөн жерим бар. Ал жерди бир канча жылдан бери көрктөндүрүп келе жатам. Атайын бакча десем болот. Ал жерге барган сайын жакшы идеялар келип, кооздонуу туура көрдүм. 1 жылдан бери жаныбарлардын айкелдерин жасап коюп жатам. Ары-бери өткөн эл сөзсүз келип көрүп, сүрөткө түшүп кетишет. Айкелчилик боюнча эч кандай деле окуп, үйрөнгөн жокмун. Бул өзүмдүн эле идеяман чыккан нерсе. Колум устачылыкка жакын. Анча-мынча иштерди катыра жасап коём (күлүп). Буларды жасоого 1 ай убакыт кетет экен. Арматура жана цемент керек болот. Алгач жаныбардын сөлөкөтүн жасап алып, үстүнөн цементтеп, боёп даяр кылып бүтүрөм. Кылган иштеримди жактыргандар буйрутма беришүүдө. Буйруса жасап берем. Бирок баасы канча сомду түзөт белгисиз», - деди ал.

Амангелди мырза 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×