Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусу, Озгон 23.08.2019 15:01 На русском

Өзгөндөгү каналдан эркек кишинин денеси табылды. Милиция өздүгүн аныктоо үчүн жардам сурайт (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн шаарындагы каналдан эркек кишинин денеси табылды. Ош облустук ички иштер башкармалыгы анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-август күнү болжол менен саат 19:20 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүнөн агып өткөн каналдан болжол менен 30-35 жаштагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, башы тоголок, дене түзүлүшү орто.

Кийими: кара түстөгү бут кийим, көк түстөгү шым, үстүндө ак футболка.

Кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор 102 кызматы же 0(3233) 5-06-36, 0778 48-63-58, 0553 88-88-92 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×