Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 23.08.2019 15:39 На русском

Баткен окуясына 20 жыл: Оштогу эскерүү. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 23-августта Ош шаарында Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 78 жылдыгы, 703-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы жана Баткен окуясынын 20 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрөгасы Жапарбек Ормонов, Ош ШИИБдин башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Таалай Нурбаев жана ардагерлер катышты. ИИМдин ички аскерлеринин 703-аскер бөлүгүнүн командири Съездбек Досбаев өз сөзүндө Баткен окуясында (1999-жыл) курман болгон жоокерлерди эскерди.

«Баткен окуясында каза болгон куралдаштарыбыздын жакындарына көмөк, колдоо көрсөтүү — биздин негизги милдетибиз. Алардын катарында ички аскерлердин бир кызматкери каза болгон (жалпысынан 5 кызматкер ар кайсы учурда кызмат учурунда мерт кеткен). Алар Кыргызстандын эгемендиги, элдин тынчтыгы үчүн курман болушкан. Мындан ары да элибиздин бейпилдиги үчүн кызмат кылууга даярбыз», - деди Създбек Досбаев.

Бүгүнкү салтанатка 1999-жылы Баткен окуясында каза болгон Рашид Юнусовдун апасы Румия Юнусова келген. Анын айтымында, уулу ошол учурда 20 жашта гана болгон.

«Быйыл баламды жоготконума толук 20 жыл болду. Ал кыргыз элинин келечеги, эркиндиги үчүн баатырларча курман болду. Ушул күнгө чейин аны кесиптештери, жетекчилер унутушкан жок. Уулумду унутпагандарга ыраазымын. Балам ошол учурда ИИМдин ички аскер кызматында иштечү. Анын кесиптештери ушул күнгө чейин биздин үй-бүлөгө көмөк көрсөтүп келишет», - деди Румия Юнусова.

Иш-чаранын алкагында мэрия тарабынан ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамы жайгашкан аскердик шаарчанын инфраструктурасын жана жоокерлердин жашоо-шартын жакшыртууга 100 миң сом тапшырылды. Ошондой эле Баткен окуясында каза болгон жоокердин апасына акчалай колдоо көрсөтүлдү. Алдыңкы кызматкерлерге ардак грамоталар дагы ыйгарылды.

Иш-чаранын соңунда аскерлер күжүрмөн даярдыгын көрсөтүштү.

1999-жылы диний экстремисттердин тобу Баткен облусу аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагына кол салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×