Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Баткен 23.08.2019 13:44 На русском

Баткен шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата даярдыктар көрүлүп жатат

Turmush -  Баткен шаарында 31-август — Эгемендүүлүк майрамына карата даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын көчөлөрүнө накыл сөздөр, макал-лакаптар жазылган көрнөк-жарнактар илинип жатат. Борбордук стадионго дагы баннерлер даярдалууда. Ал үчүн шаардык мэрия тарабынан 50 миң сомго жакын акча бөлүнгөн.

Майрамга карата кыргыз эстрадасынын жана Өзбекстандын ырчыларынын келиши күтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×