Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.08.2019 10:33

Соцтармакта популярдуу болгон «алтын» кыздын Париж тууралуу кыялы. Сүрөт

Turmush -  Социалдык тармактарда популярдуу болгон «алтын» кыз Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жашайт. Ал тууралуу апасы Асел Рысалиева Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, кызы Мыскал Жамбоева 2008-жылы төрөлгөн, 6-класстын окуучусу.

«Кызым жайында мага жардам берип балык, жүгөрү сатышат. Көлдүн жээгинде ар кандай улуттагы туристтердин тилин таап, соода кылат. Жээктен кызымды Сем Бараталиев деген сүрөтчү тартып алып, социалдык тармакка жайгаштырган экен. Ошондон кийин колдонуучулардын көбү бөлүшүп, жагымдуу пикирлерди калтырышкан. Мындан улам кызымды эс алуучулар таанып, аны менен сүрөткө түшүп жатышат», - деди ал.

Ошондой эле: «Кызым бийге, сүрөт тартууга кызыгат. Келечекте белгилүү сүрөтчү болуп, Парижге барам деп кыялданат», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×