Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.08.2019 17:09 На русском

Жумгалда мыйзамсыз күйүүчү май саткан ишкерге айып пул салынды

Turmush -  Жумгал районунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жумгал районунун Байзак айылында бирөөнүн жерин ижарага алып, коопсуздук эрежелерин сактабай, мыйзамсыз күйүүчү май сатып жаткан жарандын ишмердүүлүгү токтотулду. Жумгал райондук мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, ишкер каттоодон өткөн эмес. Ошондуктан ага 3 миң 500 сом айып салынган. Ал эми Мамэкотехинспекциянын Жумгал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айыл өкмөттөн уруксат албай жерди пайдаланганы үчүн жана май төгүлүп, жер кыртышы бузулгандыгына байланыштуу ишкерге 3000 сом айып салынган (жалпы 6,5 миң сом).

Буга чейин Turmush басылмасы Жумгал районунун Байзак айылынын жашоочулары айылдын босогосунда күйүүчү май саткандарга чара колдонуу керектигин суранышканын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×