Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.08.2019 19:31 На русском

Ак-Суунун жайлоосуна 3 күн кар жаап, чабандарга азык-түлүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосуна 17-18-19-август күндөрү калыңдыгы 30 сантиметрге жеткен кар жаап, жол жабылып, уюлдук байланыш иштебей калган. Бүгүн, 21-августта уюлдук байланыш кайра калыбына келип, жайлоодо мал баккан чабандар менен телефон аркылуу гана байланышып жатышканын, жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, жайлоого барчу жол, тактап айтканда Куйулма аймагындагы жол жабылып, унаалар өтө албай калган. Ошодуктан чабандарга азык-түлүк жеткирүүгө мүмкүн болбой жатат. Чабандар тийиштүү органдар жеринен көрбөй эле «кар 10-15 см жаап, кайра эрип кетти» деп айтып жатышканына нааразы экенин билдиришти. Алар райондун акими эртең, 22-августта атайын техника жолду тазалай турганын билдиришкенин кошумчалашты.

Буга чейин Turmush басылмасы Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосуна 30 см кар жаап, каттам жабылганын жазган. Жергиликтүү тургун Орунбек Маданбековдун айтымында, жайлоо Эңилчек айылынан 50 чакырым алыста жайгашкан.

«Ошол тарапта Куйулма деген жер бар, ал жакта 26 үй-бүлө мал багат. Биздин малчы менен такыр байланыш жок болууда. Унаа бара албай, уюлдук телефон дагы тартпай жатат. Кечээ "Нива" үлгүсүндөгү унаа менен кабар алууга барып, жол жабык болгондуктан өтө албай койдук», - деген ал.

Малчылардын айтымында, кар 17-август жаап баштап, 19-августта саат 18:30 чамасында токтогон. Алар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабар албай жатканына нааразы экенин айтышкан.

Кайыңды жайлоосуна барчу жол жайыт комитетине тиешелүү.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаагандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×