Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 21.08.2019 17:47 На русском

Үрөй учурган жол кырсык: Окуя болгон жерден мерт кеткен үй-бүлөнүн 100 000 сомун алып кетиштиби?

Turmush -  18-августта Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө 3 унаа катышкан жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн төрт киши көз жумган. Маркумдардын жакындары окуя болгон жерден унаадан 100 миң сом жоголгонун аймактык кабарчыга билдиришти.

Кайрулла Анарбаев бул каражатты алгандар кайра кайтарып берет деген үмүттө.

«Жол кырсыктан талкаланган унаалар туруучу жайга алып барышты. Ал жерге унаадагы эки баштыкты дагы алып барып коюшуптур. Баштыктар кан болуп, булганып калгандыктан ал жерден ачып, текшерген эмеспиз. Үйгө келгенде туугандар болуп баштыкты ачтык. Ичиндеги буюмдар чачылып, аңтарылыптыр. Үйдөгү келиндерибиз акчасы бар болчу, ал жок деп калышты. Бир сумканын ортосундагы картондун алдында дагы бир сумка бар экен. Картонду жыртып, 100 миң сомду алып кетишиптир. Ал эми капчыкта майда акча жана документтер бар экен. 100 миң сомдун ордуна 150 сом таштап коюшуптур. Кырсык болгон жерде жөнөкөй жарандан баштап ЖКККБнын, ӨКМ кызматкерлери жүргөн. Ошондуктан бул же тигил алды деп айта албайбыз. Бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы калды. Ошону ойлосо алып келип беришер», - деди ал.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, ушул жылдын 18-августунда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 174-чакырымында 3 унаанын — Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну А.Т. башкарган «Хонда-Торнео» үлгүсүндөгү автоунаа, 1980-жылы туулган А.Ж. башкарган «МАН-Т-40» май ташуучу унаа жана 1982-жылы туулган А.у.И. башкарган «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, анын 1982-жылы туулган жубайы А.Н., алардын балдары — 2006-жылы туулган А.Р., 2015-жылы туулган А.У. каза болуп, 2011-жылы туулган кызы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы: «Бишкек—Ош унаа жолунун 173-чакырымында "Мазда" үлгүсүндөгү жол тандабас Суусамырдан Бишкекке, "МАН" үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Бишкектен Ошко кетип бара жаткан. "Мазданын" артынан бара жаткан "Хонда Торнео" унаасы андан ашып өтүүгө аракет кылып, бирок каршы тилкедеги май ташуучу унааны көрүп, өз тилкесине кирип бара жатканда "Мазда" унаасын сүзгөн. "Мазда" май ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Ал эми май ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып калган», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×