Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуНарын району 21.08.2019 17:18

«Энеси жан берген учурда абышкам эмчегин эмип жаткан экен»: Гүлбайрам апа 8 баланы жалгыз тарбиялады

Turmush -  Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Гүлбайрам Нааматбекова жаш кезинде жолдошунан эрте ажырап, 8 баласын жалгыз өстүргөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлбайрам Нааматбекова 1947-жылы Нарын районуна караштуу Ак-Булак (азыркы Учкун) айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы согуштун ардагери болгон.

«Атам Нааматбек Абдраев Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуштан келгенден кийин биздин апабызга үйлөнүптүр. Ата-энебиз түйшүк тартып жүрүп 8 баланы чоңойтушту. Үйдүн эң улуусу менмин. Атам ооруп жүрүп 70 жашка чыкканда каза болду, андан кийин апабыз каза болду.

Мен жетим балага турмушка чыктым. Жолдошумдун атасы дагы согушка кетип кайтпай калган. Абышкам ар кимдин колунда түйшүк тартып жүрүп чоңоюптур. 1995-жылы абышкам каза болуп, 41 жашымда жесир калдым. Балдар майда эле, аларды чоңойттум. Белимди бекем бууп, мал бактым, дыйкан чарбаны иштеттим», - деди ал.

Баатыр эненин 5 уул, 3 кызы, 22 небере, 11 чөбөрөсү бар.

«Жаш кезде айылда колхоздун ар кандай жумуштарында иштедик. Дыйкан чарбага бөлүнгөндө 100 кой алдык. Ошол койду көбөйтүп, балдарды бутунан тургузууга болгон аракетибизди жумшадык. Жаан- чачынга карабай мал бактым, тоо-ташта жүрдүм. Балдардын баарын үйлөндүрүп, малдарын бөлүп, там алып бердим. Азыр кичүү баламдын колунда неберелерим мененмин.

Жодошум каза болгондо өтө кыйын турмуш болду. Атасы жок балдардын түйшүгү көп болот. Бир күнү иче турган тамагы жок болуп калат. Балдар дагы мага кошулуп түйшүк тартышты. Кабыргасы ката электе кой кайтарышты, малды көбөйтүштү», - деди ал.

Гүлбайрам апа жолдошун да эскерди.

«Илгери ачарчылыктан, оорунун азабынан абышкамдын көп бир тууганы каза болуп, болгону эки бир тууган калыптыр. Атасы, андан кийин апасы каза болгондо эжеси 3 жашта, Эсен (абышкасы) эмчектен чыга элек жаш бала экен. Апасы жан берген учурда Эсен эмчегин эмип жатыптыр. Анын каза болгонун эч ким көрбөптүр. Мурун ооруп жүргөн окшойт. Апасынын аты Зейне. Ал каза болгондо абышкам эжеси (Асыл) экөө ар кимдин колунда калыптыр. Андан кийин кайын эжемди жакын тууганы колуна алып, Эсенди балдар үйүнө өткөрүп жибериптир. Ошентип Эсен Куланак айылындагы балдар үйүндө өсүп, 1961-жылы аскерге кеткен. Ал жакта 3 жыл жүрүп, 1 жыл иштеген экен. Андан соң кайтып келип, мага үйлөндү.

Өгөй кайненем бар болчу. Тарбиянын баарын ошол адам берди, жакшы адам болчу. Анда сүйүү-пүйүү дегенди билчү эмеспиз. Атам «ушул жетим бала, оокат кыл» деп берип койгон. Азыр кудайга шүгүр, балдарымдын сыйын көрүп, келиндердин колунан чай ичип отурам», - деди ал.

Гүлбайрам Нааматбекова: «Учкун айылынан Туту деген дарыгер чыккан. Биринчи мугалим болуп Эшбай Токсобаев чыккан, азыр айылдын мектебине ысымы берилди. Касиеттүү адамдар көп болгон. Учкун айылы бай айылга айланды. Эли маданияттуу, бири-бирине кара санабаган жакшы тургундар.

Мурунку заман жакшы эле, жетишпеген заман болсо дагы эл ынтымактуу болчу. Кошуналар бир үйгө самоорду кайнатып алып чай иччү элек. Азыр баары өзү менен өзү. Заман жакшы болгону менен пейил кетти. Илгерки заман менен азыркыны салыштырып болбойт, айырмасы асман менен жердей. Ал кезде элдин пейили кенен болчу. Эл ушак дегенди билчү эмес, мал-мүлккө кызыкчу эмес. Элдин өзгөрүп кеткенинин себеби байлык. Болгон сайын болсун деп жатышат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×