Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусуАлай району 21.08.2019 16:47

Алайдагы аймактык ооруканада балдар бөлүмү ачылды

Turmush -  Алай районундагы аймактык оорукананын балдар бөлүмүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаңы 45 орундуу бөлүмдүн ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Абдилатип Шамшиев, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Максым Омокеев, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Талант Арстанкулов, облустар аралык бириккен балдар клиникалык ооруканасынын башчысы Кыял Ташполотов, Алай районунун акими Замирбек Молдокулов, Алай аймактык ооруканасынын башчысы Талант Белекбаев катышты.

Аким Замирбек Молдокулов аталган бөлүмдүн курулушу 2011-жылы башталып, бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу жумуштар токтоп, быйыл толугу менен бүткөрүлгөнүн билдирди.

Балдар бөлүмүнүн имаратынын сметалык баасы 56 млн сомду түзгөн. Учурда балдар бөлүмүнүн имаратында кардиология, кечиктирилгис тез жардам бөлүмү да жайгашты.

Келген коноктор ооруканага дем алдыруу аппаратын жана башка компьютердик жабдууларды тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×