Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 21.08.2019 12:51

«Жазасын алсын!»: Айылдашы зордуктады делген окуучу кыздын атасы үн катты

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда өспүрүм кызды зордуктоого шектүү делген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, учурда сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, материал райондук сотко өткөрүлдү.

«Ушул жылдын 25-июнунда 15 жаштагы кыз айылдашы тарабынан зордукталганы боюнча Түп райондук РИИБге арыз келип түшкөн. Арызда көрсөтүлгөндөй, 1981-жылы туулган шектүү 17-июнь күнү саат 20:30 чамасында 9-класстын окуучусун үйүнө жеткирем деп алдап, айылдын четинде күч колдонуп зордуктаган.

Бул арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлдү. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүү өспүрүмдү 3 жолу зордуктап, 1 жолу сексуалдык мүнөздө зомбулук кылганы аныкталды. Кылмыш иши тергелип бүтүп, иш райондук сотто каралат», - деди С.Усубакунов.

Ал эми зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын ата-энеси шектүү өз жазасын алсын деп талап кылууда.

«Менин бир уул, эки кызым бар. Зомбулукка кабылган кичүү кызым мектепте жакшы окучу. Мүнөзү жоош, түнттүгүнөн окуя тууралуу ооз ачкан жок. Андан бир апта өтүп, күбөлөр аркылуу билдик. Кийин кызыбыздан сурасак 17-июнда биз үйдө жок кезде шектүү кечке маал келип, алдап, ээн жерге алып барып зордуктаганын айтты. Ал күнү Камиланы (Р.К., аты өзгөртүлдү) ата-энеңе айтпа, колуңдан эч нерсе келбейт деп коркутуптур.

Кылмышка шектелген айылдашыбыз камакка алынганда жакындары тосмо арыз жазуу өтүнүчү менен 2-3 жолу үйүбүзгө кечирим сурап келишти. Кызым психологиялык жактан дагы жабыркады. Азыр адистерден жардам алып жатат. Эми мектепте окуусун улантпайт. Бишкек шаарында 9-класстын базасы менен билим алат. Ал эми айылдашыбызды кылган иши үчүн жазага тартууну талап кылабыз», - деди жабырлануучунун атасы К.Айдарбеков.

Айылдаштарынын айтымында, шектүү делген 1980-жылы туулган тургун буга чейин үй-бүлө куруп, бирок ажырашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×