Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.08.2019 18:35 На русском

Өзбекстандык мушкер ар-намыска шек келтирген видеосу боюнча түшүндүрмө берди (спортчу тууралуу)

Нурсултон Рузибоев
Нурсултон Рузибоев

Turmush -  Өзбекстандык спортчу Нурсултон Рузибоев өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу жарыялаган видео кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди.

Нурсултон Рузибоев 1993-жылы Андижанда туулган. Эрежесиз уруш менен соңку 5-6 жылдан бери машыгып келет. 2015-жылы профессионалдар арасындагы Азиянын биринчилигинде чемпиондук курду жеңген. 2016-жылы Түштүк Кореяда сүйүүчүлөр арасында өткөн чемпионатты уткан.

Н.Рузибоев «Black» каймана аты менен таанымал. 2017-жылы Грозный шаарында өткөн турнирге катышып, казакстандык мушкер А.Жанчураевди жеңип алган. Ал турнирге Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун атасынын атын алып жүргөн «Ахмат» клубунун атынан чыккан. Беттештен кийин Р.Кадыров мушкерге унаа белек кылган.

2018-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында алгачкы жолу кулатуу эртаймаш ((WEF) боюнча чемпиондук курун коргогон. Ал беттеште спортчу бразилиялык Марксо Соуза (7-0) менен мушташкан жана аны 3-раундда техникалык нокаут менен уткан. Ал эми чемпиондук курду 2017-жылдын 8-сентябрында Бишкекте өткөн «WEF Global 9» турниринде жеңип алган. Анда анын каршылашы кыргызстандык Алманбет Нуралиев болчу.

Мушкердин айтымында, видеодо Кара-Суу районунда өткөн кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык «WEF85 PROFFIGHT36» турниринин катышуучуларына кайрылган.

«Биринчиден, судья биздин желекти ыргытып, сөгүнүп, түртүп баштады. Ал биздин желекти ыргытууга, сөгүнүүгө кандай акысы бар? Топ адамдар мага кол салууну көздөдү. Эмне үчүн алар конокторго мындай мамиле жасашты? Силер жаман улут жок, жаман адамдар бар деп айтып жатасыңар. Менин кайрылуум Кара-Суунун жашоочуларына, ошол беттештерге катышкандарга багытталган. Мен жаздырган видеону өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кыркып коюшуптур. Мен Кара-Суудагы турнир жөнүндө айтып жаткам, ал эми видеону мен Кыргызстан жөнүндө айып жаткандай көрсөтүп жатышат. Менин Кыргызстанда жашаган агаларым, инилерим жана жакшы мамиледе жүргөн спортчу тааныштарым бар», - деди Нурсултон Рузибоев.

Turmush басылмасы Ош облустук ички иштер башкармалыгы өзбекстандык 27 жаштагы мушкер Нурсултон Рузибоевдин видеокайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаганын жазган.

Маалыматка караганда, 20-августта Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган тургуну — спортчу Нурсултон Розибоев өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу улуттук же региондор ортосундагы кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган видео кайрылуу жасаган. Бул окуя Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Тергөө иштеринин алкагында 18-августта Кара-Суу шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнирдин уюштуруучулары — 1985-жылы туулган Жаныбек Полотов жана райондук дене тарбия жана спорт комитетинин инструктору Заирбек Эшмаматов суракка чакырылды. Ал эми өзбекстандык спортчу өз мекенинде жүргөндүктөн, тергөө иштери эл аралык Минск конвенциясына ылайык жүргүзүлөт.

Минск конвенциясы — жарандык, үй-бүлөлүк маселелерди чечүүдө, сот чечимдеринин аткарылышына жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүүгө багытталган макулдашуу.

Turmush басылмасы 18-августта Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионунда кулатуу эртаймаш боюнча уюштурулган «WEF85 PROFFIGHT36» турнири өтүп, анын алкагында 26 беттеш болгонун жазган.

84 кг салмакта кыргызстандык Алтынбек Арынбаев өзбекстандык Нурсултон Рузибоев менен мушташып, ишенимдүү түрдө жеңишке жетишип, чемпиондук курун сактап калган.

Толук маалымат жана беттештер бул шилтемеде.

Кыргызстандык Алтынбек Арынбаев менен өзбекстандык Нурсултон Рузибоедин беттеши

Турнирге дүйнөлүк «Кулатуу Эртаймаш» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана федерациянын Кара-Суу районундагы өкүлү Жаныбек Полот дагы катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×