Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 21.08.2019 08:48 На русском

Өзбекстандык мушкердин ар-намыска шек келтирген видеосу боюнча тергөө иштери башталды

Нурсултан Рузибоев
Нурсултан Рузибоев

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгы өзбекстандык 27 жаштагы мушкер Нурсултон Рузибоевдин видеокайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-августта Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган тургуну — спортчу Нурсултон Розибоев өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу улуттук же региондор ортосундагы кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган видео кайрылуу жасаган. Бул окуя Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Тергөө иштеринин алкагында 18-августта Кара-Суу шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнирдин уюштуруучулары — 1985-жылы туулган Жаныбек Полотов жана райондук дене тарбия жана спорт комитетинин инструктору Заирбек Эшмаматов суракка чакырылды. Ал эми өзбекстандык спортчу өз мекенинде жүргөндүктөн, тергөө иштери эл аралык Минск конвенциясына ылайык жүргүзүлөт.

Минск конвенциясы — жарандык, үй-бүлөлүк маселелерди чечүүдө, сот чечимдеринин аткарылышына жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүүгө багытталган макулдашуу.

Turmush басылмасы 18-августта Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионунда кулатуу эртаймаш боюнча уюштурулган «WEF85 PROFFIGHT36» турнири өтүп, анын алкагында 26 беттеш болгонун жазган.

84 кг салмакта кыргызстандык Алтынбек Арынбаев өзбекстандык Нурсултон Рузибоев менен мушташып, ишенимдүү түрдө жеңишке жетишип, чемпиондук курун сактап калган.

Толук маалымат жана беттештер бул шилтемеде.

Кыргызстандык Алтынбек Арынбаев менен өзбекстандык Нурсултон Рузибоедин беттеши

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×