Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.08.2019 16:38

Караколго 150 жыл: «Жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын жасап жаткан иштери

Turmush -  Быйыл Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленди. Бул саамалыкка карата шаар макамын алууга көмөк берген мекеме-ишканалардын кечээки, бүгүнкү жана эртеңки абалына саресеп салып, шаардын кылымдык тарыхы менен тааныштырабыз.

Каракол шаардык «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын түзүлүшү

«Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын январь айында Граждандык кодекске ылайык мэриянын чарбалык эсептик-структуралык бөлүмү болуп түзүлгөн.

Негизги жумуштары:

- Каракол шаарын көрктөндүрүү, бак-дарактарды сактоо;

- Шаардын арыктарын оңдоо, жаңы арыктарды салуу;

- Гүлдөрдүн көчөттөрүн жана бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүү;

- Шаардын атайын аянтчаларына гүл өстүрүү;

- Шаардын гүл бакчаларын, парктарын иреттөө;

- Жыл сайын шаарга жаңы бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, аларды өстүрүү.

Жетекчилер:

«Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасын 2016-жылдын август айына чейин Абдыкеев Алмаз Жолдошевич, 2016-жылдын август айынан тартып 2019-жылдын 12-мартына чейин Ишенбаев Улан Доктурбаевич жетектеген. Ал эми 2019-жылдын 12-мартынан тартып Жумаев Эрмат Жумаевич жетектеп келе жатат.

«Шаарды жашылдандыруу үчүн эӊ биринчи суу керек. Негизи шаарда жалпы 98 чакырым арык бар. Анын ичинен 40 чакырымга жакыны гана иштеп калган. Тагыраак айтканда шаардын ортосу болгон Токтогул көчөсүнө чейин гана суу барып, ылдый арык жок болгондуктан төмөнкү көчөлөргө жетпей калган. Андыктан быйыл биз бул тармакта көп иштерди жасап жатабыз. Ж.Абдрахманов көчөсүнүн башынан аягына чейин суу жеткирилди. Бул аймактын элинен, ал жерде жайгашкан окуу жай, мечиттердин өкүлдөрүнөн сураганыбызда ал жерге 18 жылдан бери суу келбептир.

Ошондой эле учурда Ленин, Ж.Жусаев, Гебзе көчөлөрүнө суу жеткирүү иштери жүрүп жатат. Ал жерге 20 жылдан бери суу барган эмес. Ушул айдын аягында бул көчөлөрдө дагы суу агып калат. Ал жердеги суу түтүктөрдү жаңыртып жатабыз. Ошондой эле №3 мектеп жайгашкан аймакка суу жеткирүү иши жүрөт. Быйыл арыктагы сууну Пржевальск көчөсүнө чейин жеткирели деп жатабыз», - дейт Эрмат Жумаев.

Ошондой эле ишкана шаарга гүл отургузуу жумушун аткарат. Жылда ар кандай гүлдөрдү сатып алып, 5-6 миӊ гүл отургузулуп келген. Быйыл биринчи жолу күнөскана куруп, өзү шаарды гүл менен камсыздады.

«Быйыл өзүбүз өстүрүп, 15 миӊ петуния, 2,5 миң роза гүлүн отургуздук. Ошондой эле Ак-Суу дендро сейил багынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, алар бизге демөөрчүлүк кылып, ийне жалбырактын 350 көчөтүн отургуздук», - дейт ишкананын башчысы.

Караколдун 150 жылдыгына карата жаңылануулар:

Шаардын 150 жылдык мааракесине карата жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом каралып, шаарга биринчи жолу жаныбарлар топиарийин орнотуу иши жүрүп жатат.

«Шаар тургундарына өзгөчө белек кылып, жираф, пил, аюу, таш бака, коён, бугу жана ушул сыяктуу жашыл жаныбарлардын скульптурасын жасап жатабыз. Алар Ж.Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кечилишиндеги кичинекей гүл бакчага коюлуп жатат. Ага керектүү материалдар жергиликтүү бюджеттен алынган. Ал эми ишин биздин жумушчулар өздөрү жасады. Ошондой эле быйыл биз жаңы гүл өстүрүүчү жыгач челектерди орнотуп жатабыз. Баарына белгилүү болгондой ишкана авариялык абалдагы теректерди кыят. Ошондон жарамдуу материалдарын алып, бул челектерди жасадык. Аны биздин ширеткич С.Липехин, механик Б.Мамбеталиев жана айдоочу Б.Калысбеков жасап чыкты. Андан улам каражат корогон жок. Бул кызматкерлерге шаарга кошкон эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз», - дейт ишкананын жетекчиси.

Ишкананын келечектеги пландары:

- Ишкана жакынкы жылдары арык системасын 85%га оӊдоп, кичи район, жаңы конуштарга сугат суу тартат.

«Арык сиситемасын оӊдоодо биринчи эскилиги жеткен лотокторду алмаштыруу иши турат. Андыктан биз «Жол чарба» ишканасы менен биргеликте лоток чыгарган ишкананы келерки жылы ишке киргизсек деп жатабыз. Ишканага керектүү бетон алмаштыруу сыяктуу техникалар бар. Себеби азыр бир лотокту 2500 сомдон жогору сатып алабыз. Алар эки гана формада чыгарат. Бири Д-2, экинчиси Д-3 деп коёт. Экинчиси чоӊ каналга эсептелген. Аларды шаарга орнотуу ыңгайсыз. Биз өзүбүз жасасак, шаардын арыктарына ылайыктуу форманы дагы чыгарабыз. Баасы дагы арзан болот», - дейт Э.Жумаев.

Анын айтымында, мындан тышкары 50 сотых жерге питомник түптөө пландалууда.

«Шаарды гүлдөтүп, кооздоп, жашыл кылуу үчүн 50 сотых жерге питомник иштетүүнү пландап жатабыз. Ал жерге ийне жалбырактуу көчөттөрдү, гүлдөрдү өстүрүп, алар менен шаарды кооздойбуз. Ошондой эле тендерлерге катышып, өстүргөн көчөттөрдү сатып, ишканага каржы жактан пайда алып келебиз», - дейт ал.

Токтогул, Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Моряктар үйү» аймагындагы гүл бакчаны жасалгалоо пландалып жатат. Ошондой эле азыр отургузулуп жаткан көчөттөрдү сугарып туруу үчүн суу ташуучу унаа алуу каралууда. Аны менен бирге кошумча күнөскана куруу планы бар.

Ишканада учурда 53 адам эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×