Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 20.08.2019 16:27

«Кыскартып койгулачы»: Комузчу Ж.Абдыразаковдун эсинен кетпеген көрүүчү

Жанарбек Абдыразаков
Жанарбек Абдыразаков

Turmush -  Нарын шаарынын 40 жаштагы тургуну Жанарбек Абдыразаков жаш муундарга комуз үйрөтүп келет. Өзү бала кезинен музыкага жакын болуп чоңойгон.

Жанарбек Абдыразаков 1978-жылы 16-декабрда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктагандан кийин, 1999-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун музыкалык бөлүмүн бүтүп, Токмок шаарындагы республикалык техникумда мугалим болуп иштеп баштаган. 2000-2005-жылдары университетте мугалим болсо, 2005-жылдан бери Ж.Шералиев атындагы окуу жайда эмгектенип келет.

«Комузду бала кезимден баштап үйрөнүп, өздөштүрүп алдым. Анткени апам чыгармачылыкка жакын болуп, шеринелерден ыр үйрөнүп келип, мага ырдап берчү. 7 жашымда апамдын ырларын комузга салчу экенмин. Апам сүйүнчү. Ушул кесипти аркалап калганыма дагы апам түрткү берди. Эмгеги зор десем болот. Атам менен апам эл агартуунун отличниктери, мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыгышкан.

Азыркы убакта Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин эл аспаптар бөлүмүндө мугалим болуп эмгектенем. Бөлүмдө ар кандай аспаптар бар. Чопо чоор, комуз, кыл кыяк жана башкалар. Мен комуз боюнча сабак берем. Азыр 14 баланы окутам. Алардын ичинен 2 баланын бири артыкчылык күбөлүк менен бүтүп жатат. Алардын ордун толтуруп, башка окуучуларды кабыл алып турам. Негизи мектеп боюнча 220 бала окуйт. Балдардын комузга болгон кызыгуусу күч, жыл өткөн сайын көп бала кызыгып жатышат. Ошонун ичинен өтпөй калгандары дагы болот. Бир пайыз эле талант болуп, жакшы эмгектенсе адам алдыга өсөт. Айрыкча күүнү үйрөнүү татаал болот», - деди ал.

Өзү он чакты аспапта ойной алат. 2003-жылы республикадагы университеттер арасында өткөн «Ысык-Көл жазы» фестивалында 1-орунду, комузчулар арасындагы сынакта 3-орунду алган. Ошондой эле «Талас таңшыйт» эл аралык сынагында 3-орунду камсыз кылган.

«Ар кандай окуя болот. Музыка чөйрөсүн такыр түшүнбөгөн адамдар болот. Бир жолу концерт берип жатабыз. «Түрк маршы» деген классикалык чыгарманы ойноп жатканбыз. Бирөөлөр залдан кыйкырып, «ушул чыгармаңарды 5-10 мүнөткө кыскартып койсоңор болобу?» дешкен. Биздин күлкүбүз келген. Негизи классиканы кыскартканга болбойт», - деди ал.

Жанарбек Абдыразаков президенттик стипендияга, «Эл агартуунун отличниги» наамына, Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына арналган медалга татыктуу болгон.

«Балдарга эстетикалык тарбия берүүдө комуздун ролу чоң. Балага өзүн-өзү туура алып жүрүүгө, туура ой жүгүртүүгө жардам берет. Адамдын эс-тутумунун жакшы болуусуна да жардам берет. Жүрөктү тазалыкка, жумшактыкка тарбиялайт. Окуучуларым кароо-сынактарда баш байгелерди алып келип жатышат.

Алдыдагы ой-максаттар абдан чоң. Комуз чертүү өнөрүбүздү жаш муундарга жеткирип, сейрек кездешүүчү аспаптарды (кыл кыяк, темир комуз) да балдарга үйрөтүү керек. Өзүм тарбиялап жаткан окуучулардан темир комузчулар ансамблин түзсөмбү деген оюм бар», - деди ал.

Мугалим 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×