Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.08.2019 14:45

Ысык-Көлдө окуучу кыз акыркы экзамен тапшырган күнү зордукталды

Түп, район
Түп, район

Turmush -  Түп районунун айылдарынын биринде жайкы каникул маалында 9-классты аяктаган окуучу кыз зордукталды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка караганда, окуя 17-июнь күнү болгон. Бул күнү кыз мектепте акыркы экзамен тапшырган.

«Кыз кечинде курбулары менен конокко барган. Окуя ошол күнү кечинде болуп жатат. Кыздын зордукталганын эжеси билип калып, ата-энесине айткан. Анан ата-энеси милицияга кайрылган», - деп билдиришти.

Айылдаштарынын айтымында, жабыркаган кыз үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси. Бул кылмышка шектүү делип 1980-жылы туулган айылдашы кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Шектүү буга чейин үй-бүлө куруп, бирок аялы менен ажырашкан.

Окуядан кийин мектептин директору өз каалоосу менен иштен кетип, анын ордуна 3-4 күн мурун жаңы жетекчи дайындалган. Ал эми райондук билим берүү бөлүмү окуя жайкы эс алуу маалында болгонун жана кыз бардык сынактарды тапшырып, күбөлүк алганын маалымдады.

«Окуя болгонго чейин окуучу кыз бардык сынактарды тапшыргандыктан күбөлүк алды. Учурда райондогу мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Негизи ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу керек», - деп билдиришти райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×