Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 20.08.2019 10:14 На русском

Баласын уктатып коюп, 500 сомго денесин саткан келин: Түрдүү тагдырлар Д.Асилбекованын баянында. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жашоодо өз ордун таба албай, адаштым, жаңылдым деп көз жашын төккөн кыз-келиндерге колдоо көрсөтүп, аларга коомчулуктун катарына кошулууга жардам берген «Ак жүрөк» кризистик борбору 2002-жылы түзүлгөн. Анын жетекчиси Дарика Асилбекова борборду өзү тарткан кыйынчылыктардан кийин негиздегенин билдирди. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, Дарика айым 28 жашында жолдошунан ажырап, депрессияга кабылган. Ал учурда 4 баланын апасы болгон.

«Жолдошум экөөбүз тең мектепте мугалим болуп иштечүбүз. СССРдин дүңгүрөп турган убагы, бай-кедей болуп бөлүнмөй деген жок. Июнь айында тоют жыйноо иштери башталып, окуучулар, мугалимдер кошо чыкчу. 1982-жылы 20-июнь күнү жолдошум мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары катары окуучуларды Кара-Баткак деген тоого чөп орууга алып кеткен. Колумда 6 айлык балам болгондуктан мен үйдө калгам. Эмнегедир ошол күнү балдарым ыйлап жатышты, бир нерсени сезишкен го деп калам. Түштөн кийин жолдошумдун сөөгүн алып келишти.

Окуя мындай болуптур... Ошол убакта Турдакун Усубалиев Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп турган. Ал тоют камдоо иштерин текшерүүгө келмек. 500дөй адам тоонун боорунда катар тизилип, Т.Усубалиев төмөн жактан көрүнгөндө катар-катар болуп чөп оруп, артынан катар-катар чөп чөмөлөп түшөбүз деп пландалат. Жолдошум Т.Усубалиев көрүнгөндө тоонун башынан салют менен белги бермек экен. Тоонун чокусунда ат минип турганда асманда кара булут пайда болуп, чагылган жолдошума түшүп, атка дагы өтүп кетиптир. Көргөндөрдүн айтымында, ат 5-6 метрге ыргыган.

6 жаштагы улуу балам этегимден кармап алып, “биздин үйгө чагылган түштү” деп ыйлап жүрөт. Кичинекейим бешикте, 2 балам эки колумдан жетелеп алган. Мен эч нерсени билбей калыптырмын. Ошол убактагы абалымды мыкты жазуучу да сүрөттөп бере албайт деп ойлойм. 28 жашымда 4 баламды кучактап отуруп калдым. Ошол убакта каражат жагынан кыйналган жокмун. Себеби ата-энем жардам берди. Бирок моралдык жактан чөгүп кеттим. Балдарыма тамак берем, карайм, бирок сүйлөбөй калгам. 4 балам гана апалап жатып мени депрессиядан чыгарышты. Адам өзүн чыйралтпаса, жоголуп кетет экен.

Белимди бекем бууп, жумушка чыктым. 6 айлык баламды бешикке бөлөп, 5 жаштагы кызыма таштап кетем. Кызым өзүнөн-өзү чыйралып, турмушка даяр болуп калды. Азыр 5 жаштагы неберемди карап туруп, кызыма ошол түйшүктү мойнуна илгеним үчүн ыйлагым келет. Азыркы 5 жаштагы кыз ымыркай ыйлап жатса да айтпайт.

Дарика Асилбекова

дарик

Кээ бир келиндерге балдары да көрүнбөй калат, аны эмгек тажрыйбамда көрүп жатам. Атасы же энеси жок бала толук кандуу бактылуу болбой, бир нерсеси кемтик боло берет экен. Улуу балам үйлөнгөндө той өткөрөлү десем, “жок, сиздин жаныңызда ким турат” деп болбой койду», - дейт Дарика Асилбекова өзү жөнүндө.

Ал балдарына татыктуу билим берүү үчүн Өзгөн районунан Ош шаарына көчүп келген. Агасы ага 3 бөлмөлүү үйүн бошотуп берип, ошол жерде жашап калган. Дарика айым педагогикалык колледжде мугалим болуп, андан тышкары башка дагы жумуштарда иштеген. Ал 1990-жылдардагы каатчылыкта балдарын ачка калтырбайын деп базарда соода да кылганын айтты.

«Балдарымды багам, чоңойтом деп жүрүп тегерегиме назар салбаптырмын. Базарга чыкканда бир баласын көтөрүп, бирөөсүн жетелеген келиндерди көрүп, сүйлөшүп калдым. Бири ажырашкан, биринин күйөөсү каза болгон, бири никеси жок төрөгөн, кыскасы түрдүү тагдырлар. Ошондо аялдарды коргоо оюма келди. Бирок өзүмдүн кудуретим жетпейт болчу.

2000-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтокан Боромбаева Ош шаарында биринчи жолу кризистик борбор ачып («Аялзат»), мени жумушка чакырды. Ал жерде 2 жыл иштегенден кийин борбор жабылып калды. Анан 2002-жылы «Ак жүрөк» кризистик борборун түздүм. Алгач менин оюмду колдогон, жардам бергиси келген адистерди топтодум. Айлыгы жок эле жабырлануучуларды кабыл алып, кеңешибизди берип турдук. Кээ бир учурда бара турган жери жок келиндерди өз үйүмө балдары менен чогуу алып кетчүмүн. Баш калкалоочу жай уюштуруу үчүн облустук администрацияга, мэрияга кат жаза баштадым. Ал жактан сиз имарат табыңыз, ондоп-түзөөгө жардам беребиз дешти. Облустук оорукананын бир бөлүгүнөн бош орун таап, ал жакка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн алып бардым. “Эже, оңдоого да болбой турган жер экен, муну оңдоого бизде азыр каражат жок” дешти. Шаардык кеңештин бир жыйналышында көйгөйүмдү айтып чыгып баратсам, ошол кездеги шаардык кеңештин төрагасы “эже, эмне жардам керек?” деп калды. Облустук ооруканадан тапкан имаратты оңдоп-түзөөгө жардам бер десем макул болду. Ошол сөз мага дем берди. Дароо 4 устаны таап, оңдоп-түзөө иштерине кириштим. Агамдын жаш баласы бар кызы усталарга тамак бышырып жатты. Иш жүрүп жатат, бирок жардам бере турган адамдан дайын жок. Төрагага бир-эки жолу кирдим, “эже, болбой жатат” дейт.

Усталар 3 айда жумуштарды бүтүрүп, акчаны күтүп калышты. Дагы бардым, акча жок экен. Ошентип 80 миң сом өз мойнума түшүп калды. Балдарымдын кийим-кечегине, дагы башкага деген акчаларды чогултуп, усталарга бердим. Ошол окуяны балдарыма уялып айтпай жүрүп, жакында гана айттым. 2009-жылы алгачкы жабырлануучуну кабыл алдык. Таластык кыз экен. Ошко келин болуп, күйөөсү уурулук кылып камалып, өзү көчөдө калыптыр. Ошол кызды баш калкалоочу жайга жайгаштырып, жардам бергенбиз.

Бүгүнкү күндө кризистик борборлордун ассоциациясынын мүчөсү болгондуктан Ош шаарындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, мэрия жардам берет, алар менен тыгыз иштешебиз», - деди Д.Асилбекова

Анын айтымында, борборго келген кыз-келиндер намысынан ажырап, төрөгөндөн кийин же ажырашкандан кийин кош бойлуу болуп келишет.

Дарика Асилбекова жумуш учурунда

дарика1

5 балалуу кишиге алданып, көчөдө калган келин

Жакында эле колунда 1 айлык баласы бар келин келди. Биринчи жолдошу менен 2 балалуу болгондон кийин ажырашып, балдарын агасынын колуна таштап, Ош шаарына иштейм деп келиптир. 1 жылдай 5 балалуу бир киши «сени сүйүп калдым, үйлөнөм» десе чогуу жашап жүрө берген. Ал киши келин төрөгөндөн кийин таштап кеткен. Баласы менен көчөдө калып, 1 жума курбусунун үйүндө жашаптыр. Курбусунун атасы келип калып, 2 эки күн көчөдө жүрүп, анан бизге келиптир. "Эртең агам эки баламды алып келет, аларга иштеп жатам дегем. Балалуу болгонумду билишсе өлтүрүп коюшат. Кээде балама болгон мээримимден намысым бийик болуп, баланы көчөгө таштап салгым келет" дейт. Мындайда эмне үчүн ал киши менен жүрдүң, эмнеге төрөдүң деп урушсаң, ал келин колдоо таппай, ар кандай жолго барышы мүмкүн. Баланы 6 ай балдар үйүнө тапшырып туралы дегенге да макул болгон жок. Айла жок баш калкалоочу жайга алып бардым. Агасы келгенде наристесин башка келиндер карап турса, балдарына кийим-кечек алып берип коюп, кайра баш калкалоочу жайга келет.

Баласын уктатып коюп, 500 сомго денесин саткан келин

Дагы бир окуядан улам бир жума ыйлап жүргөм. 16 жаштагы кыз төрөп, 18 жашка чейин биздин борбордо болду. Апама кетем дегенинен аны жөнөтүп, телефон аркылуу байланышып жүрчүбүз. Анан эле дайыны чыкпай, бир күнү бети-башы кир болуп, колундагы баласы менен борборго келди. Өзүнүн айтымында, апасы начар жүргөн аял болгондуктан кызын 500 сомго бир айдоочуга салып бериптир. "Ошол убакта балаң кайда эле?" десем унаанын артында уктап жаткан дейт. Анан кайра апасына баруу ниетин билдирди. Мэрия аркылуу чоң энесин таптырып, курсагын тойгузуп, баланы колунан алып койдук. Ара жолдо бала жоголуп кетмек. Учурда ал бала 6 жашка чыгып калды. Ошол келинге кызматкерлерден жашырып тамак, бир нерселерди алып берип жүрчүмүн. Мээнетим, айткан сөздөрүм текке кеткендиктен мага оор болду.

Бала караганы барып, 14 жашында үй ээсинен боюна бүтүп калган кыз

Кыздарды чет өлкөгө акыл-эси толуп, турмушту түшүнүп калганда жибериш керек. Жашы жете элек кыздар намысынан ажырап, төрөгөн баласын таштап, анысы аз келгенсип жаман илдетке чалдыгып жатышканы өкүндүрөт. 13 жашында Россияга бала бакканы барып, үйдүн ээсинен боюна бүтүп калып, 14 жашында ошол кишиге турмушка чыгып алган кыздын окуясын билем. Үйдүн ээсинин жубайы 5 баласы менен үйдөн чыгып кеткен. Кыздын тыңып калганына сүйүнгөнү менен 5 бала кайда барат? Эми үй ээси өкүнүп жүрөт... Үйгө келсе жаш жубайы жок. Тамак бышырбай, шаар кыдырып кетип, кылыгын көрсөтүп жатат деп арызданган.

Өзгөндө бир үй-бүлөдөн 6 адам каза болгон

Өзгөндүк тааныш аял мага кеңеш сурап келди. Жолдошумдун 4-5 аялы бар, мени кызганат, сабайт деп арызданды. 5 баласы бар экен. Акыл-насаатымды айтып, жаша деп да, ажыраш деп да айтпай, жөнөттүм. Ошол аял бир күнү төркүнүнө кеткенде иниси анын үйүнө барып, жолдошун, 3 баласын, үй кызматкерин бычактап салыптыр. 2 баласы керебеттин алдына жашынып калышыптыр. Андан кийин келинди кайын журту: «Сен иниңе өлтүрттүң» деп сабашып, анын кесепетинен келин да каза болуп калды. Мүмкүн ошол келинге ажырашып кет десем, бул окуя болмок эмес деп ичимден сыздап калам.

дарика3

Кайын эненин кийлигишүүсү

Жакында эле өзү кыздарын турмушка узаткан аял телефон чалып, ыйлады. Кайын энеси той өткөргөндө: «сенин туугандарың келип баарын жеп, көтөрүп кетет» деп жаңжал чыгара берет экен. Кызынын тоюнда да антпесин деп туугандарын чакырбай, 2 курбусун чакырыптыр. «Эми "сенин досторуң менин кыздарым ала турчу нерселердин баарын алып кетип калды" деп чыр чыгарып жатат, эмне кылайын?» деп кайрылды. Унчукпай басып кетсе да, «дүлөй» деп кыйкырат экен.

Акыркы убактарда негативдин баарын өзүмө сиңирип алып, ачуум бат келчү болду. Кээде аны көтөрө албай калганда ыйлап алам.

Бир тамчы акиташтын айынын бузулган үй-бүлө

Жаш келин 4 баласы, кийимдери менен үйүнөн айдалыптыр. Келин балдары үчүн жолдошу менен жарашайын дейт, бирок жолдошу, кайын журту каршы экен.

Келин үйүн актап жатканда кайын иниси анын жанынан өтүптүр. Акиташтын тамчысы кайын инисинин кийимине тийип кеткен. Бир тамчы акиташтан чыккан чыр келиндин үйүнөн кубаланышына себеп болуптур.

Жолдошу келди, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылдым. Жолдошу юрист болгондуктан мени менен сүйлөшүүнү каалаган жок. Бирок ага жакшы эле түшүндүрдүм.

Көрсө окуянын төркүнү башка жакта экен. Келин жакыр үй-бүлөнүн кызы болгондуктан кайын журту аны теңине албай, кетирүүнүн амалын кылыптыр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×