Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.08.2019 09:58 На русском

Аламүдүндө подполковниктин үйү менен «Тойота Камри» өрттөндү. Сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Лебединовка айылында өрттөнгөн үй подполковникке тиешелүү болгон. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр үйдүн чатыры, от жагылуучу бөлмөнүн 2 чарчы метр жыгач шыбы жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

«Кудай сактаптыр. Эч ким жабыркаган жок. Кожоюндун аялы подполковник. Ал ИИМдин Академиясында сабак өтөт. Өрт электр тогунан келип чыккан деп жатышат», - деди айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×