Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.08.2019 09:34

Чүйдө 1 үй, 2 унаа өрттөнүп кетти. Сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Лебединовка айылында үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр үйдүн чатыры, от жагылуучу бөлмөнүн 2 чарчы метр жыгач шыбы жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ошондой эле Кемин районунун Чым-Коргон айылында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда .

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×