Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 19.08.2019 18:00 На русском

Кара-Суудагы эрежесиз эр уруш: Кыргызстандык 2 мушкер чемпиондук курду жеңди. Видео

Turmush -  Кечээ, 18-августта Кара-Суу шаарында эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кулатуу эртаймаш боюнча уюштурулган «WEF85 PROFFIGHT36» турнири «Манас» стадионунда өтүп, анын алкагында 26 беттеш орун алды. Алардын ичинен 3 беттеш чемпиондук кур үчүн болду. Мелдеште 57 кг салмактан 84 кг салмакка чейинки категорияларда Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын мушкерлери күч сынашкан.

«Кулатуу Эртаймаш» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин айтымында, Кара-Суу шаарында эрежесиз эр уруш боюнча мындай мелдеш 4-ирет өткөрүлдү.

«Албетте, эл аралык маанидеги турнир болгондон кийин коңшу өлкөлөрдүн да мыкты мушкерлери келди», - деди ал.

Турнирдин жыйынтыгында 66 кг салмак категориясында кыргызстандык Тынчтык Имиянов тажикстандык мушкер менен беттешип, чемпиондук курду жеңди. Ошондой эле 77 кг салмакта өзбекстандык Ислам Канатахунов менен кыргызстандык Умар Аваз уулу күч сынашып, чемпиондук курду И.Канатахунов утуп алды. Ал эми 84 кг салмакта кыргызстандык Алтынбек Арынбаев өзбекстандык Нурсултан Рузибаев менен мушташып, ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти. Ал чемпиондук курун сактап калды.

Маалыматка караганда, турнирге 5 миңге жакын күйөрман келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×