Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.08.2019 15:48

«Тагдыр»: Россияга иштөөгө барып, кайра тез эле кайткан Айжамалды эмне күтүп турат?

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Айжамал Калыева 2017-жылдын сентябрь айынан бери альвеококкоз (боор оорусу) илдетинен жабыркап келет. Бул тууралуу бейтаптын апасы Албина Абдрахманова Turmush басылмасынын аймактагы кабарчысына билдирди.

А.Абдрахманованын айтымында, 24 жаштагы кызы Айжамал Калыева альвеококкозго чалдыкканын алгач Орусияда иштеп жүргөндө билген.

«Кызым мектепти аяктаган соң Каракол шаарындагы юридикалык окуу жайдан билим алган. Андан кийин Бишкек шаарынан ушул эле кесибин жогорулатуу үчүн биз 2016-жылы Орусияга бир жыл иштеп келүүгө кеткен элек. Орусиядагы ишибиз көпкө созулган жок. 2017-жылдын сентябрь айында ичи (курсак көңдөйү) шишип, дарттын себебин ошол жактан билдик. Айла жок Кыргызстанга кайтып келсек, Бишкек шаарындагы дарыгерлер операция жасап, бирок колунан келбегенин айтып (оору өтүшүп кеткен) кайра эле жаап коюшту. Ошол күндөн бери кыргызча чөп-чар менен дарылап жатабыз», - деди ал.

Айжамалдын оорусу үстүбүздөгү жылдын февраль айында күчөп, оор абалга түшкөн. Эми ооруну айыктыруунун бир жолу — Индияда операция жасатуу.

«Азыркы тапта кызымдын абалы күн сайын оорлоп жатат. Ортодо ичине суу толуп, республикалык ооруканага жатып чыкты. Альвеококкоз илдетинен толук айыгуунун бир гана жолу — Индиянын Дели шаарынан 35 миң долларга операция жасалат экен. Бул каражатты табуу үчүн үйүбүздү күрөөгө койсок да жетпейт.

Кайрымдуу адамдар бар экен. Алар ар бир айылда концерт уюштуруп, операцияга акча чогултууда. Түшкөн каражат канча экенин билбейм, бирок кайрымдуулук фондду жетектеген жигиттер Индияга учууга билет алып коюшту. Боорду алмаштырууга атасы донор болот. Эми бир гана жакшы үмүт кылабыз», - деди А.Абдрахманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×