Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.08.2019 10:51

Ак-Суунун Кайыңды жайлоосуна кар жаап, малчыларга барчу жол жабылып калды

Turmush -  Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосуна 30 см кар жаап, каттам жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Орунбек Маданбеков билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын айтымында, жайлоо Эңилчек айылынан 50 чакырым алыста жайгашкан.

«Учурда жол Эңилчек айылына чейин ачык. Андан ары жайлоого кетчү жол жааган кардан улам жабылып калды. Ошол тарапта Куйулма деген жер бар, анда 26 үй-бүлө мал багат. Биздин малчы менен такыр байланыш жок болууда. Унаа бара албай, уюлдук телефон дагы тартпай жатат. Кечээ «Нива» үлгүсүндөгү унаа менен кабар алууга барып, жол жабык болгондуктан өтө албай койдук», - дейт ал.

Малчылардын айтымында, кар 17-августтан тарта жаап, 19-августта саат 18:30 чамасында токтогон. Алар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабар албай жатканына нааразы экенин айтышты.

Кайыңды жайлоосуна барчу жол жайыт комитетине тиешелүү.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаагандыгы маалымдалган.

Ошондой эле жабылып калган Каракол—Эңилчек жолу таштардан тазаланды. №11 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Т.Жаныбековдун айтымында, Каракол—Эңилчек жолунун 92-чакырымынан 136-чакырымына чейин таштар кулап, жол жабылып калган.

«Чоң таштар жолду бөгөп калып, каттам жабылган. Жолду таштардан тазалоо иштери жүргүзүлүп, учурда Каракол—Эңилчек жолу ачылды», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×