Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Нарын облусуКочкор району 19.08.2019 09:56 На русском

Кочкордо малга кол салган карышкырлар жок кылынды. Сүрөт

Turmush -  Кочкор районунда малга кол салган карышкырлар жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор мергенчилер коомунун төрагасы Таалайбек Осмоналиев билдирди.

«Ак-Кыя айыл аймагынын малчылары тарабынан карышкырлар малга кол салып, тынчтык бербей жатканы айтылган. Мергенчилер тобу аркасынан түшүп, Терс-Төр жайлоосунан карышкырларды аңдууга алдык. Мергенчи Турат Мамбетсадыков, Жаныбек Сакиев карышкырдын канчыгын атышты. Андан төрт күн өткөндө өзүм дөбөтүн аттым.

Көк-Жар айыл аймагынын Чалай жайлоосунан бир мергенчи карышкырдын дөбөтүн жок кылды. Ал дөбөттүн канчыгы алты бөлтүрүгү менен Чолпон айыл аймагынын Баба-Ата жайлоосуна ооп кеткен. Ак-Учук айылында жашаган Кондой аттуу чабан үч бөлтүрүгүн аткан. Терилерин аңчылык департаментине тапшырды», - деди Т.Осмоналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×