Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.08.2019 09:11

Ак-Талаада малчылардын майрамы белгиленди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Орто-Сырт жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленгенин райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жыл сайын өткөрүлүүчү малчылардын майрамы улуттук ат оюндардын коштоосунда болду. Ага Үгүт, Байгөнчөк, Терек жана Баетов айылдарынын малчылары, спортчулары катышты. Алар көк бөрү, аламан жарыш, жорго салыш, кунан чабыш, кыргыз күрөш жана эр эңиш улуттук спорттук оюндарында ат салышып, жеңүүчүлөргө айыл өкмөттөр, райадминистрация жана облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×