Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 18.08.2019 15:26 На русском

Бишкек—Ош жолунда 3 унаа кагышып, бир үй-бүлөдөн 4 адам мерт кетти. Видео

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндө 3 унаа кагышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарын көздөй бара жаткан жол тандабасты аркасындагы «Хонда» үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзгөн. Анын кесепетинен жол тандабас каршы тилкедеги оор жүк ташуучу унаа менен кагышып, сайга кирип кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол тандабастын айдоочусу жана анын жубайы мерт кетти.

«Унаанын артында 3 жаш бала болгон. Алардын ичинен 3 жаштагы бала да каза болду. Экөөнүн (1 кыз, 1 эркек) абалы оор», - деп билдиришти күбөлөр.

Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына караганда, 3 автоунаа катышкан жол кырсык бүгүн, 18-августта эртең мененки саат 9:30 чамасында катталды.

«Бишкек—Ош унаа жолунун 173-чакырымында "Мазда" үлгүсүндөгү жол тандабас Суусамырдан Бишкекке, "МАН" үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Бишкектен Ошко кетип бара жаткан. "Мазданын" артынан бара жаткан "Хонда Торнео" унаасы андан ашып өтүүгө аракет кылып, бирок каршы тилкедеги май ташуучу унааны көрүп, өз тилкесине кирип бара жатканда "Мазда" унаасын сүзгөн. "Мазда" май ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Ал эми май ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып калган.

Учурда "Мазда" унаасынын ичиндеги 4 адам каза болгондугу айтылууда. Кырсыкка учураган адамдардын өздүгү такталып жатат», - деп айтылат Чүй ЖКККБнын маалыматында.

Күбөлөрдүн айтымында, «Мазда» унаасында каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алар Суусамыр жайлоосундагы боз үйдө 3-4 күн эс алып, Бишкекке кайтып бара жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×