Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.08.2019 12:41 На русскомНа русском

«Ош Фест—2019» туристтик фестивалынан фоторепортаж

Turmush -  Ош шаарында «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын алкагында туристтик фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Ош Фест—2019» фестивалы кечээ, 17-августта «Чыгыш кербени» менен башталды. Анын алкагында төө, топоз жана ат минген кыргыз, өзбек, индус жана кытай улуттарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн кербен «Сулайман-Тоо» музейинин унаа токтоочу жайынан «Алымбек датка» этнографиялык комплексине чейин жүрүш жасашты.

Ошондой эле улуттук тамак-аш, улуттук буюмдар, жер-жемиш, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин жармаңкелери уюштурулду. «Сулайман-Тоо» музей комплексинин алдында атайын сахналаштырылган иш-чара уюштурулуп, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган «Алтын өрөөн» аталышындагы улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү менен уланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×