Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 17.08.2019 17:04

Кыргызстандык окуучулар дүйнөлүк олимпиададан байгелүү кайтышты (сүрөт)

Turmush -  Кыргызстандык Талантбек Жеңишбек уулу информатика сабагы боюнча эл аларык мелдеште байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу Талантбектин мугалимдери аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-11-август күндөрү Азербайжандын Баку шаарында информатика сабагы боюнча окуучулар арасында 31-дүйнөлүк олимпиада өткөн. Ага 88 мамлекеттен 335 окуучу катышкан. Олимпиадада Кыргызстандын атынан 4 окуучу күч сынашкан. Анын жыйынтыгында 3 окуучу коло медаль тагынса, 1 окуучу кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон.

Кадамжай районундагы «Сапат» лицейинде билим алган Талантбек Жеңишбек уулу сынакта 3-орунду алган. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 40-орунду ээлеген. Өткөн жылы 85-сапка жазылган.

Буга чейин «Билим АКИpress» басылмасы информатика боюнча өткөрүлгөн 31-дүйнөлүк олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Өмүрбек Жамалов коло медалдын ээси болгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×