Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.08.2019 14:02 На русском

«Азыр да түшүм берет»: Тоңдо 150 жыл мурда тигилген өрүк бактын баяны (видео, сүрөт)

Turmush -  Тоң районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Шейшен Абразаковдун чарбагында эң узак жашаган эки түп өрүк багы бар. Аймактык кабарчы өрүк бактын тарыхына кызыгып көрдү.

«Оттук айылынан Касаболот Эсен уулу деген адам 1850-1860-жылдары отуз жашында Кытайдын Турпан шаарына мал айдап барып соодалайт. Керектүү буюмдарды, азык-түлүктөрдү алып, алар менен кошо өрүк, мейиз сыяктуу жер-жемиштерди сатып алат. Оттукка келгенден кийин жер-жемиштерди жеп, өрүктүн эки данегин жерди чукуп тигип коет. Данектен эки түп өрүк өсүп чыгат.

Касаболот Эсен уулу өзү жүз жашка чыгып кайтыш болуптур. Анын Карасарт деген уулу болгон.

Союздун алгачкы жылдарында эле элдер бул бактан өрүк терип жеп, Турпан өрүк деп аталганын улуу муундар айтып келишет. Бул аймакта мындан башка бак жок болуптур. Бул бакты Карасарт Касаболот уулу багып жүрүп, кийин 1967-жылдары кайтыш болот. Анын уулу Дүйшөк башка жакка көчүп кетип, бак 20 жылча кароосуз калат. Ошондо эле бала-бакыралар бакка чыгып, өрүк жеп, айыл тургундары Турпан өрүк деп терип алышчу экен.

Мага 1985-жылдары бул жерди айылдык кеңеш бөлүп берип үй курдум. Ошондон бери жашап жатам. Өрүк бакты ошол бойдон сактап койдум. Азыр да түшүм берет. Айыл тургундары 150 жылдан ашкан өрүктөн «ооз тиели» деп ырым кылып алып кетишет», - деди Шейшен Абдразаков.

Өрүк болжол менен 1860-жылдары тигилип, кадимки майда өрүктөр байлаган. Айыл тургундары Абдыкерим Урмамбетов, Бердимат Абдыкасымов Турпан өрүк 1916-жылы эл Кытайга качканда эле өсүп турганын чоң аталарынан укканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×