Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 17.08.2019 10:22 На русском

Видео — Борбордук аянтта тойду көркүнө чыгарам деген айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Ош шаарында үйлөнүү үлпөт тойдо адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 16-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу унаасы менен ойногон. Анын аракети адам өмүрүнө коркунуч келтирген деп бааланып, ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айып пул салынган. Унаанын ээси Ш. аттуу жигит экени аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×